Рус Кырг Eng

Шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү сунушу карала баштады

Шайлоо босогосун 5 пайызга түшүрүү сунушу карала баштады

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети 19-майдагы жыйынында шайлоо босогосу тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоого киришти.

Шайлоо босогосун 9 пайыздан 5 пайызга ылдыйлатуу сунушталган долбоорду депутаттар Исхак Масалиев, Мирлан Жээнчороев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Дастан Бекешев иштеп чыккан.

14-майдагы сессияда шайлоо босогосун 9 пайыздан 7 пайызга төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окуудан көпчүлүк добуш менен өткөн.

Бирок чекти жети эмес, беш пайызга түшүрүүнү сунуштаган дагы бир долбоордун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев «биз бул мыйзам долбоорун 6-декабрда бергенбиз, сиз аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөттүңүз. Ал эми жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сиз үч күндө комитетке жибердиңиз. Эмне үчүн андай эки башка мамиле жасалды?» деп спикерге нааразылык билдирген. Эки мыйзамды бириктирип кароо тууралуу сунуш да өтпөй калганына нааразы болушкан.

14-майда биринчи окуудан өткөн документ “Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору деп аталат. Биринчи окуудан кийин ал экинчи жана үчүнчү окууга киргизилиши керек. Демилгечи депутаттар аны 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген шайлоого чейин кабыл алууга үлгүрүш керектигин айтышкан.

Бул мыйзам долбоору 7-февралда коомдук талкууга чыгарылган. Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз, 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

https://www.azattyk.org/a/30620025.html