Рус Кырг Eng

Шайлдабекова: Парламенттик шайлоону өткөрүүдө санитардык талаптар сакталат

Шайлдабекова: Парламенттик шайлоону өткөрүүдө санитардык талаптар сакталат

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекова күзүндө өтчү парламенттик шайлоодо эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн билдирди.

Анын «Азаттыкка» берген маалыматына караганда, саясий партиялар талапкердин тизмесин жана башка керектүү документтерди БШКга 24-августка чейин бериши керек. Шайлоого катыша турган партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери башталат.

Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдан улам санитардык-гигиеналык талаптарга көңүл бурулат.

«Шайлоодогу бардык баскычтарды эске алып, ошого жараша иштер жасалат. Эң биринчи кезекте жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүчү кооптуу жагдайлар жөнгө салынат. Андыктан ар бир баскычта санитардык-эпидемиологиялык чаралар боюнча комплекстүү иштер жасалат. Атайын алгоритм да иштелип чыккан. Добуш берүү күнү өзгөчө көңүл бурулат», – деди Шайлдабекова.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалды.

Кыргызстанда 18-марттан 3-июлга чейин коронавирус 6767 адамдан табылды, алардын ичинен 76 киши кайтыш болду, 2655 бейтап айыкты. БШКнын маалыматы боюнча, мыйзамга ылайык эгерде өлкөгө өзгөчө абал киргизилсе, шайлоо токтотулат.

https://www.azattyk.org/a/30703787.html