Президенттик шайлоонун гимни жазылды
29.09.17

Президенттик шайлоонун гимни жазылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
«Бул элди добушун сатпоого, келечек муунду ойлоого чакырык», — дейт БШК.
Гимндин автору — Ж. Апазов, Н. Шайлдабекова, Э. Турсуналиева, Г. Алмамбетова.
БШКнын мүчөлөрү эмки жумада өлкөнү кыдырып, шайлоочуларды добуштарын акчага сатпоого чакырмакчы.
Шайлоо 15-октябрда өтөт. Анда 13 талапкер ат салышууда.
Кыскача шилтеме: https://platforma.kg/ky/?p=7281