Рус Кырг Eng

Парламентке кантип таза депутаттарды алып келебиз?

Эксперт Айнура Усупбекова: “Азыркы убакта парламентте эки долбоор жатат. Добуш сатып алуу менен админстартивдик ресурска бөгөт коюу үчүн канча бир тоскоолдук, механизмдер турат. Ошону биринчиден алыш керек. Андан кийин саясий партиялар боюнча дагы бир демилге турат. Ошол саясий партиянын институт кура турган механизмдери ошону талкуулаш керек. Ал өтүп калса жакшы, эгер өтпөй калса кийинки келе турган парламент түз добуш берүүнү карашы керек”.

БШК төрайымынын кеңешчиси Бакыт Жумагулов: “Шайлоодо “Ачык тизме” механизми жакшы. Анткен шайлоочуга көп мүмкүнчүлүктөрдү берет.  Ошол эле талапкер, келечектеги депутат шайлоочулар менен байланыш болуп жатат. Бирок маселе, бул мыйзам жетишпейт, өтпөйт. Бир жарым айдан кийин Жогорку кеңештин шайлоосу зыянга учурап жатат. Бул маселени 4-5 жыл мурун алып чыгыш керек болчу. Азыркыдай талкуу жүрүп, ар кайсы талаптардын маселелери көтөрүлүп, “Ачык тизме” механизми иштелип чыгып Жогорку кеңештин мыйзамына кириш керек болчу”.

Саясий серепчи Шайырбек Маматокторов: “Преференциялдуу түрдө добуш берүү чындыгында түз, даректүү, каалаган талапкерге добуш берүүгө мумкүнчүлүк берет. Азыркы мыйзамдар деле жаман эмес, мында деле прогрессивдүү, демократиялуу нерселер камтылган жана туура шайлоону өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирок, баягы эле биздин баардык нерсенин айласын тапкан саясатчыларыбыз ошол туура кынтыксыз иштеп жаткан партиялык парламенттик системанын ичинен дагы алдыңкы катарларга, олигархтар, ишкерлер, капчыктуулар чыгып калып жатат. Ошондуктан башкаларын алып келүү үчүн преференциялдык добуш берүүнү тандап алдык”.

Саясат таануучу Айданбек Акматов: “Азыр бир партияга мүчө болбосоң, сен шайлоого бара албайсың. Жеке адамдын укугу эмне болуп жатат? Элдин тандоо укугу да чектелип жатат. Бир адамды өткөрө албайт. Кийин партиясы өтпөй калса, канча жолу шайланса да, бир адам 100000 добуш алса да, партиясы өтпөй калып, аны шайлоочулар дагы калат. Эгерде бир мандаттуу болсо, жок дегенде бир адамды болсо дагы өткөрөт. Преференциялдык деп же дагы башка кыла турган болсок анда мамлекеттик бийлик системаны да карап көрүш керек”.