Рус Кырг Eng

Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин карап жатат

Парламент шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү маселесин карап жатат

Парламент бүгүн, 14-майдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамды өзгөртүү, анын ичинде саясий партиялардын шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга чейин төмөндөтүү маселесин карап жатат. Мыйзам долбоорун буга чейин караган тармактык комитеттин өкүлү Талант Мамытов өз баяндамасында шайлоодо саясий партиялардын шайлоо босогосун жети пайызга чейин төмөндөтүү шайлоонун ачык жана акыйкат өтүшүн шарттай турганын белгиледи.

20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүшүнүн босого чегин тогуз пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эмес деген пикирин билдирген.

2015-жылдагы парламенттик шайлоодо шайлоочулардын 59% же 1 630 122 адам добуш берүүгө катышкан. Бул эсеп менен алып караганда, шайлоо босогосу үч пайыз болсо, анда партия 52 миң добуш алышы керек. Беш пайыз болсо 85 миң, жети пайыз болсо 120 миң жана тогуз пайыз босого болсо 154 миңден кем эмес добуш топтошу зарыл.

Шайлоо босогосун жети пайызга чейин түшүрүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп өзгөртүлгөн. 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.

https://www.azattyk.org/a/30611311.html