Рус Кырг Eng

Масалиев: жети пайыз боюнча демилге президенттин сөзүнөн кийин көтөрүлгөн

Масалиев: жети пайыз боюнча демилге президенттин сөзүнөн кийин көтөрүлгөн

Шайлоо босогосун жети пайызга чейин төмөндөтүү боюнча демилге президенттин босогону азайтуу тууралуу сөзүнөн кийин көтөрүлгөн. Мындай пикирин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын мүчөсү Исхак Масалиев бүгүн, 14-майда парламентте бул маселе каралып жаткан учурда билдирди.

«Биз беш пайызга чейин түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун 6-декабрда бергенбиз, сиз аны 20 күндөн кийин гана тийиштүү комитетке жөнөттүңүз. Ал эми булардын жети пайызга түшүрүү тууралуу мыйзам долбоорун сиз үч күндө комитетке жибердиңиз. Эмне үчүн андай эки башка мамиле жасалды?» – деген суроо койду Масалиев.

Дастан Жумабеков мыйзамдарды караш үчүн убакыт керек болду деп билдирди.

Исхак Масалиев ушул эле суроону Юстиция министрлигинин өкүлүнө берди. Өкүл маалыматы жок экенин айтып, жооп бере алган жок. Анын ордуна спикер Жумабеков жооп берип, Юстиция министрлигине мыйзам долбоорунун каржылык жагын караш үчүн убакыт керек болгонун айтты.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 14-майда шайлоо босогосун тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүү боюнча мыйзам долбоорун карап жатат.

20-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда партиялардын парламентке өтүшүнүн босого чегин тогуз пайыз кылууга саясий күчтөр даяр эмес деген пикирин билдирген.

Шайлоо босогосун жети чейин түшүрүү тууралуу жаңы мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна 7-февралда чыгарылган. Аны иштеп чыккан топтун курамында 21 депутат бар.

Кыргызстанда 2010-жылы шайлоо босогосу беш пайыз болчу. 2015-жылдагы шайлоо алдында жети пайыз болуп өзгөртүлгөн. 2017-жылы тогуз пайызга көтөрүлгөн.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт.