Рус Кырг Eng

Конституциялык палата «Реформа» партиясынын Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга каршы арызын кабыл алды

Конституциялык палата «Реформа» партиясынын Жогорку Кеңеш кабыл алган мыйзамга каршы арызын кабыл алды

Конституциялык палатанын судьялары «Реформа» партиясы жана Касымбеков, Усубалиев аттуу жарандардын «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө» парламент кабыл алган мыйзамга каршы жазган арызды кароого алды. Учурда ишти кароого даярдык жүрүп жатат. Бул тууралуу Конституциялык палата маалымдады.

«Реформа» партиясы парламент 22-октябрда кабыл алган «Кыргызстандын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө мыйзамга каршы Конституциялык палатага кайрылган.

Кеп болгон мыйзамга байланыштуу Конституциялык палатага кайрыларын аталган партиянын лидери Клара Сооронкулова 26-октябрда маалымдаган эле. Ал «аталган мыйзамдын кабыл алынышы менен Конституциянын өзү легитимсиз болуп калып жатканын» айткан.

Жогорку Кеңеш кабыл алынган мыйзам 27-октябрда мамлекеттик «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланып, расмий күчүнө кирди.

22-октябрда Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбоору жыйынга катышкан 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен дароо үч окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна ушул күнү келип түшкөн.

Бул шашылыш кабыл алынган документке ылайык, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин парламенттик кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалышы керек.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Андагы массалык добуш бурмалоого калайык каршы чыгып, 5-октябрдан тартып өлкөдө ири нааразылык акциялары башталган соң, БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, Жогорку Кеңешке кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген.

https://www.azattyk.org/a/30925253.html