Рус Кырг Eng

Кадамжай шаарынын мэри шайланбай калды

Кадамжай шаарынын мэри шайланбай калды

Кадамжай шаарынын мэри шайланбай калды. Бул тууралуу Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн 27-январда Кадамжай шаарынын мэрин шайлоого кворум болбой, башка күнгө жылдырылды. Мэрлик кызматка КСДП партиясынан Асанбай Пазылов менен «Республика – Ата Журт» партиясынан Бакытбек Бегалиев талапкерлигин койгон.
Шайлоого жалпы 21 депутаттын 11 келип, 10 келбей калгандыгына байланыштуу кворум болбой калды. Кийинки шайлоо күнү азырынча белгилене элек.
А.Пазылов 2013-жылы Кадамжай шаарынын мэри болгон. Б.Бегалиев Кадамжай шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы.

http://www.turmush.kg/news:318907