Рус Кырг Eng

Депутат Марлен Маматалиев «Республика» партиясынын чыкты

Депутат Марлен Маматалиев «Республика» партиясынын чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев «Республика» партиясынын курамынан чыкты. Бул тууралуу депутат «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди ал учурдагы кырдаалга жараша кабыл алган.

«Акыркы учурда өлкөбүздө бир топ оор кырдаал түзүлдү. Экономиканы алга жылдыруу үчүн, топтолгон социалдык көйгөйлөрдү чечүү үчүн жаңыча көз караш, жаңы идеялар, стандарттык эмес ыкмалар, интеллектуалдык ресурстар талап кылынат. Убагында У. Черчилл «учурда кайсыл партия өлкөдөгү топтолгон көйгөйлөрдү тез арада чечип кетүүгө, мамлекетибиздин ырааттуу өнүгүүсүн камсыз кылууга жөндөмдүү болсо, мен ошол партия менен болууну чечтим» деген. Биз бир нече адам, негизинен жаштар, учурдагы оор экономикалык кырдаалдан чыгуу, өлкөбүздү ырааттуу өнүгүү жолуна алып чыгуу максатында бир нече партиялар менен пикир алмашып, талкууларды жүргүзүп жатабыз. Жакынкы күндөрү чечим кабыл алабыз», – деди Маматалиев.

Депутат учурда бир нече партиядан сунуш түшүп жатканын кошумчалады. Алардын ичинде «Мекеним Кыргызстан» партиясы бар экенин жана жакынкы күндөрү чечим кабыл аларын билдирди.

Буга чейин айрым сайттар «Мекеним Кыргызстан» партиясынын саясий кеңеши жаңыланып, ага Мирлан Бакиров, Каныбек Иманалиев сыяктуу депутаттар киргенин жазып чыккан. Бул партияга киргендердин арасында Марлен Маматалиевдин да аты аталган болчу. Аты аталган башка саясатчылар комментарий бере элек.

https://www.azattyk.org/a/30654012.html?fbclid=IwAR1Q7XoJVXUo3f3YtssxP5f4RswfeJOf8IKv267gqWsFP6foAmqJ8u0eL1s