Рус Кырг Eng

Бишкекке кайрадан мэр болуп шайланган А.Ибраимов 6 баланын атасы (эмгек жолу)

Бишкекке кайрадан мэр болуп шайланган А.Ибраимов 6 баланын атасы (эмгек жолу)

Бүгүн, 11-январда Бишкек шаарынын мэри болуп кайрадан Албек Ибраимов шайланды.
Буга чейин эки талапкер: А.Ибраимов (көпчүлүк коалиция) жана Нурдин Абдылдаев («Өнүгүү-Прогресс») катталган. Шайлоого шаардык кеңештеги 45 депутаттын ичинен 43 эл өкүлү катышты. Бардык бюллетендер жарактуу деп табылып, Албек Ибраимовдун талапкерлигин 29 депутат, Нурдин Абдылдаевди 12 депутат колдоду. Ал эми 2 депутат барына каршы добуш берген.
А.Ибраимов 1967-жылы 1-июнда Фрунзе шаарында төрөлгөн. Улуту кыргыз, үй-бүлөлүү, 6 баласы бар.
Билими:

– Фрунзе шаарындагы №58 орто мектепти аяктаган;
– 1994-жылы Бишкек коммерциялык колледжди;
– 1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин (азыркы КУУ) экономика факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолу:
– 1987-1989-жылдары «Тяжэлектромаш» заводунда слесарь-механикалык бөлүмүндө мастер;
– 1989-1991-жылдары Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;
– 1992-1996-жылдары «Илбирс» ААКта жөнөкөй жумушчу, кийин жетекчи;
– 1997-2001-жылдары «Кыргызавтомаш» ААКтын коммерциялык бөлүмдүн директору;
– 2002-2004-жылдары «Кыргызавтомаш» ААК аткаруучу директору;
– 2005-2006-жылдары Өнөр жай, соода жана туризм министринин кеңешчиси;
– 2006-2010-жылдары жеке ишкер;
– 2010-2011-жылдары «Бишкек» эркин экономика компаниясынын башкы директору;
– 2011-2012-жылдары «Дастан» ТУК ААК башкармалыгынын төрагасы;
– 2012-2013-жылдары Президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары;
– 2013-2016-жылдары «ЭМА» ААК башкармалыгынын төрагасы, директорлор кеңешинин төрагасы;
– 2016-жылдын февралында Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалган.

http://www.turmush.kg/news:317931