Рус Кырг Eng

2020-жылдын 20-октябрында өткөн “Өлкөнүн туруктуулугунун негизги шарты – чынчыл жана адилетүү шайлоо” Коомдук диалогунун катышуучуларынын ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

2020-жылдын 20-октябрында өткөн “Өлкөнүн туруктуулугунун негизги шарты – чынчыл жана адилетүү шайлоо” Коомдук диалогунун катышуучуларынын ДЕКЛАРАЦИЯСЫ

Коомдук диалогдун катышуучуларынын “Өлкөдөгү туруктуулуктун башкы кепилдиги – таза жана акыйкат шайлоо” резолюциясы. Бишкекте Кыргызстандын саясий партиялары менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн ортосунда коомдук диалог болуп өттү.

Диалогту «Жарандык Платформа» КФ Жарандык Көзөмөлдөө Комитети менен биргеликте уюштурган. Коомдук диалог Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоону өткөрүү, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү, ошондой эле шайлоо процессинин бардык этаптарында коопсуздукту камсыз кылуу маселелерин талкуулоо үчүн өткөрүлдү. Диалогго бизнес коомчулугунун, ЖМКнын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын модераторлору укук коргоочулар Динара Ошурахунова жана Татту Мамбеталиева болду. Талкуудан кийин диалогдун катышуучулары резолюция кабыл алышты.

 

2020-жылдын 20-октябрында өткөн “Өлкөнүн туруктуулугунун негизги шарты – чынчыл жана адилетүү шайлоо”

Коомдук диалогунун катышуучуларынын

ДЕКЛАРАЦИЯСЫ 

2020-жылдын 4-октябрнда өткөн парламенттик шайлоолор мурун болуп көрбөгөндөй административдик ресурсту колдонуу жана кээ бир саясий партиялар тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу менен коштолуп, коомдун нааразычылыгын жаратып натыйжада адилеттүү жана бир гана мүмкүн болгон чечимге – өткөн шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга алып келди.

Биз, Коомдук диалогдун катышуучулары, өткөн шайлоолордун күбөлөрү катары, шайлоону жараксыз деп таануу жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин колдоп, мыйзам аркылуу Жогорку Кеңешке партиялардын басып өтүү босогосун 1 пайызга чейин төмөндөтүү жана шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн 1 миллионго чейин азайтуу, “форма-2” кайра карап чыгуу тууралуу Жогорку Кеңеште өтүп жаткан процессттерди жактайбыз.

Жарандык ынтымакты жана тынчтыкты сактап калуу максатында, шайлоолор жөнүндө мыйзамдарды кынтыксыз сактоо шарттарында саясий стабилдүүлүктү бекемдөө үчүн Коомдук диалог төмөнкү декларацияны кабыл алат:

  1. Өзүнүн ишмердүүлүгү менен 2020-жылдын 4-октябрнда өткөн шайлоолордун жараксыздыгына алып келген партиялардын жана алардын талапкерлеринин келе жаткан кайра шайлоолорго катышуусуна Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан бөгөт коюуусуна иштеп жаткан мыйзамдар мүмкүнчүлүк бербейт. Бул маселени кайра шайлоо өткөрүү жөнүндө билдирүү жасаганга чейин Жогорку Кеңеш шайлоо мыйзамдарына оңдоп түзөөтүүлөрдү кабыл алуу менен бирге аталган маселе боюнча саясий жана укуктук баа берүүсү зарыл.
  2. Кыргыз Республикасынын Президентинин милдеттерин аткаруучу, Премьер-министр С.Н. Жапаров 2020-жылдын 4-октябрнда өткөн парламенттик шайлоо учурунда добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу жана башка ушул сыяктуу укук бузууларды алдын алуу жана тыюу максатында аракет жасабай койгон Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын жетекчилеринин жоопкерчилигин карап чыксын.
  3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу, добуштарды сатып алуу жана шайлоочуларга, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө кысым көрсөтүү, байкоочуларды коркутуу жана башка бузууларды Жоруктар жөнүндө, Бузуулар жөнүндө жана Жазык кодекстери тарабынан жогорку коомдук коркунучтагы укук бузуулар деп квалификацияланган бузууларды адатка айланып калган тоготпоо практикасын жоюууга тийиш. Бүгүнкү кырдаалда мындай укук бузуулар улуттук коопсуздукка жана мамлекеттин болушуна коркунуч туудурат.
  4. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы келе жаткан шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана жарамдуулугун камсыз кылуунун кепилдиги катары мыйзамга ылайык өзүнүн ыйгарым укуктарын азыркы иштеп жаткан толук курамында сактап калыш керек.

Жогоруда аталган чараларды аткарбоо алдыдагы парламенттик шайлоолордун жыйынтыгын кайрадан тааныбоого жана биротоло баардык бийлик бутактарынын, мамлекеттик институттардын беделин түшүрүүгө жана бүтүндөй мамлекеттик башкарууну жоготууга алып келиши мүмкүн деп эсептейбиз.

Кыргызстандын эли туруштук менен бир нече саясий толкундоолорду башынан өткөрүп демократиялык мамлекетти курууга дагы бир кадам алдыга жасады.

Мамлекттүүлүктү, демокартиялык жетишкендиктерди жана кыргыз элинин биримдигин сактап калуу үчүн чыныгы эркин жана адилетүү шайлоону өткөрүү бийлик жана баардык саясий күчтөрдүн толук жоопкерчилиги!

Документти бул жерден жүктөп алсаңыз болот:

Резолюция