Рус Кырг Eng

Конституцияны өзгөртүүгө каршы жумушчу топ түзүлдү

Конституцияны өзгөртүүгө каршы жумушчу топ түзүлдү

Конституцияны өзгөртүүгө каршы жумушчу топ түзүлдү

Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүүгө каршы курамы 7 кишиден турган жумушчу топ түзүлдү. Алар Баш мыйзамды өзгөртүүнүн терс таасирлери боюнча айтылган пикирлерди анализдеп, сунуштар боюнча пландарды иштеп чыгышат. Бул тууралуу “Азаттыкка” саясатчы Равшан Жээнбеков билдирди.

Жумушчу топ “Бийликти узурпациялоого жол бербөө” деген ураан менен иштейт. Курамында Адахан Мадумаров, Элмира Ибраимова, Чолпон Жакупова, Замира Сыдыкова, Нарын Айып, Рита Карасартова жана Мавлян Аскарбеков бар.

Бүгүн Бишкекте “Конституция. Кайда баратабыз?” деген аталышта жыйын болуп, ага катышкан саясатчылар жана коомдук ишмерлер баш мыйзамды өзгөртүү – бийликтин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө жол ачарын жана авторитардык режимге алып барарын сындашты. Жыйынга катышкан Адахан Мадумаров бул жаатта аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү сунуштады. Равшан Жээнбеков Конституцияны өзгөртүүгө каршы кыймыл түзүүнү демилгеледи.

27-июлда парламенттеги КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү” фракциялары Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоорун өз ара макулдашкан. Референдум өткөрүү күзгө мерчемделген. Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда.

http://www.azattyk.org/a/27895503.html