Рус Кырг Eng

Анткен менен ал жаңы демилгеде жакшы сунуштар да бар экенин белгилейт.

Анткен менен ал жаңы демилгеде жакшы сунуштар да бар экенин белгилейт.

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикири

Референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүү киргизүү демилгеси көтөрүлдү. Эгерде жаңы долбоор элдин элегенинен өтүп, колдоо тапса Конституция өзгөрөт. Аталган кадам бизди кандай жолго алып барарына Sputnik Кыргызстан агенттиги кызыгып көрдү.

Референдум өткөрүү менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү КСДП, “Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана “Республика-Ата-Журт” фракциялар сунуштап жатат. КСДПнын лидери Иса Өмүркуловдун айтымында, бул кадам баш мыйзамдагы кемтиктерди бүтөйт. 

“Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин көтөрүп чыктык. Референдум буюрса кеч күздө өткөрүлөт. Бул кадамга барганыбыздын негизги максаты бийлик бутагындагы тең салмактуулукту кармап калуу болуп саналат”, — деди Өмүркулов. 

“Ар-Намыс” партиясынын лидери, экс-депутат Феликс Кулов Конституцияны өзгөртүү боюнча сунушун буга чейин эле президентке айтканын белгилейт. 

“Мен өзгөртүүлөрдү буга чейин эле президентке сунуштагам. Азыркы долбоордо да окшош жерлери бар экен. Бирок мен айрым сунуштар менен макул эмесмин. Мисалы, вице-премьер болгон эл өкүлүнүн мандаты сакталышы керек деген туура эмес. Анткени ал өкмөт башчыга баш ийбей коюшу мүмкүн. Бул туура эмес”, — деди Кулов. 

Анткен менен ал жаңы демилгеде жакшы сунуштар да бар экенин белгилейт. 

“Албетте, жакшы сунуштар жок эмес. Бирок сөзсүз толукталышы зарыл. Коомдук талкуу учурунда мен дагы өз сунуштарымды берем. Менин оюмча президенттин партиясы жок болушу керек. Ал бир партиянын кызыкчылыгын көздөгөнү туура эмес. Азыркы мыйзам боюнча президент партия курамынан убактылуу эле чыгат. Мындай болбошу керек”, — деди экс-депутат.

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров Конституциянын жаңы долбоору жең ичинен жазылган деген ойдо.

“Долбоор жең ичинен жазылып, Конституциялык кеңешмеден өткөн жок. Андыктан бул бара жаткан жол туура эмес деп айтаар элем. Учурда бийлик бир партиянын колуна өттү. Конституция боюнча парламент башкарыш керек эле”, — деди Мадумаров. 

Серепчи Бакыт Бакетаев баш мыйзамды өзгөртүү акырындык менен жүрүшү керек деген ойдо. 

“Заман күн сайын өзгөрүп жатат. Ошого байланыштуу Конституцияны да өзгөрткөн туура. Бирок секирик менен эмес, жаңы кадамдарга акырындык менен барышыбыз керек”, — деди Бакетаев. 

Ал эми Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын жетекчиси Токон Мамытов өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгесин колдоого ала турганын кошумчалады. 

“Учурдага Конституциябызга алты жыл болду. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Ошондуктан азыр өзгөртүү учуру келип туру. Бул кадам менен карама-каршылыктар, боштуктар толукталат деп ойлойм”, — деди Мамытов.

Кыргызстандын Конституциясы эгемендүүлүк алгандан бери сегиз ирет өзгөргөн. 2010-жылкы апрель окуясынан кийин өлкөнүн Баш мыйзамына 2020-жылга чейин өзгөртүү киргизүүгө мораторий жарыялоо чечими кабыл алынган. Мораторийди жоюу үчүн элдик референдум өткөрүү зарыл.

http://sputnik.kg/opinion/20160802/1028330485.html