Рус Кырг Eng

Көңүл буруңуз! сурамжылоо

07.06.22
Көңүл буруңуз! сурамжылоо

Жакында Сузакта болгон окуя коомчулукта резонанс жаратты.

2022-жылдын, 7-июнунда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин кезектеги отурумунда “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоорунда окуучу же ата-эне (мыйзамдуу өкүл) – билим берүү мамилелеринин катышуучусу тарабынан жасалган, педагогикалык кызматкердин кесиптик ишине тоскоолдук кылуу менен байланышкан, кылмыштын белгилерин камтыбаган, педагогикалык кызматкерге карата сыйлабастык мамиле (мазактоо, жаман сөздөр, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүү ж.б.) 3000 сом (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалган учурда 2000 сом) өлчөмүндө айып пул менен жазаланат, укук бузуу кайталанса 5000 сом өлчөмүндө айып пул же 3 суткадан 5 суткага чейинки мөөнөткө администрациялык камакка алуу (12 жаштан 16 жашка чейинки жашы жете элек адам тарабынан жасалса 4000 сом) менен жазаланат. Мындай санкциялар жашы жете элек окуучунун ата-энесинин бирине, же эгерде ал эрезеге жеткен болсо, окуучунун өзүнө, же ошого жараша тарбиялык мамилелердин катышуучусу болгон башка адамга колдонулат.

Ушуга байланыштуу Сурамжылоо өткөрүүнү чечтик, мугалимди сыйлабаганы үчүн айып пул салууга макулсузбу?

Шилтеме аркылуу өтүп, өз оюңузду билдириңиз!

https://platforma.kg/ky/poll/