Рус Кырг Eng

Тажикстан бир катар эл аралык милдеттенмелерди бузду

19.09.22
Тажикстан бир катар эл аралык милдеттенмелерди бузду
2022-жылдын 8-сентябрында Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстан Республикасы тарабынан пландалган аскердик агрессия актысы тууралуу билдирүү таратты.
Тажикстан бир катар эл аралык милдеттенмелерди бузду:
• БУУнун башкы ассамблеясынын 1974-жылдын 14-декабрындагы 3314 резолюциясы (агрессиянын аныктамасы).
• Эл аралык гуманитардык укуктун негизги эрежелери: 1949-жылдын 12-августундагы Женева конвенциялары, 1977-жылдагы I кошумча протокол жана Гаага конвенциялары.
• БУУнун негизги принциптери, анткени жарандарга жана жарандык объектилерге кол салууболгон. (БУУнун 1945-жылдагы Уставы жана Бириккен Улуттар Уюмунун 1970-жылдагы Уставына ылайык мамлекеттердин ортосундагы достук мамилелер жана кызматташтык жөнүндө эл аралык укуктун принциптеринин Декларациясы.
Биз талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилейбиз.