Рус Кырг Eng

Онлайн талкуу: 20-июнь саат 16:00

17.06.22
Онлайн талкуу: 20-июнь саат 16:00

2022-жылдын 16-июнунда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды.

Маалымкат-негиздемеден белгилүү болгондой, мыйзам долбоору мугалимдерге карата окуучулардын, ошондой эле алардын ата-энелеринин (камкорчуларынын) мазактоо, уятсыз сөздөр, адепсиз жүрүм-турум түрүндөгү сый-урматсыз мамилеси үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында иштелип чыккан. 

“Жарандык платформа” коомдук фонду буга чейин бул мыйзам долбооруна анализ жүргүзгөн, эми Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча онлайн талкуу өткөрүүдө.

Спикерлер жана онлайн талкуунун катышуучулары:

  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары.
  • Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү.
  • Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги.
  • Жарандык коомдун өкүлдөрү.

Онлайн талкуу 2022-жылдын 20-июнунда саат 16:00дө ZOOM платформасында өтөт, бул иш-чараны “Жарандык платформа” коомдук фондунун жана медиа өнөктөшү Kaktus.Mediaнын Facebook баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.