Рус Кырг Eng

Депутаттар чиновниктерден жалаң кыргызча сүйлөсүн деп талап кыла алабы?

5-сентябрда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин мүчөлөрү аткаминерлердин орус тилиндеги отчетун угуудан баш тартышты. Бул суроо парламенттин дубалында биринчи жолу көтөрүлүп жаткан жок. Буга чейин депутаттар да орус тилинен баш тартуу менен кыргыз тилин колдоону колдошкон. Бирок депутаттардын мындай императив талабы азыркы мыйзамдарга канчалык деңгээлде туура келет?