Рус Кырг Eng

Жоруктар кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу онлайн талкуу

22.06.22
Жоруктар кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу онлайн талкуу

Бүгүн, 2022-жылдын 22-июнунда “Жарандык платформа” коомдук фонду  Жоруктар кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөр тууралуу онлайн талкуу өткөрдү.

2022-жылдын 16-июнунда Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылган.

Долбоордун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Самойкожо менен Аманкан Кенжебаев.

Маалымкат-негиздемеден белгилүү болгондой, мыйзам долбоору мугалимдерге карата окуучулардын, ошондой эле алардын ата-энелеринин (камкорчуларынын) мазактоо, уятсыз сөздөр, адепсиз жүрүм-турум, сый-урматсыз мамилеси үчүн жоопкерчиликти белгилөө максатында иштелип чыккан.

Талкуунун катышуучулары:

  • Кенжебаев Аманкан – Сокулук бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты;
  • Макилов Султан – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын бөлүм башчысы;
  • Назгүл Турдубекова – «Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору;
  • Гүлмира Маматкеримова – «Стратегиялык чечимдер» КФнын көз карандысыз эксперти;
  • Ирина Летова – юрист, «Стратегиялык чечимдер» КФ.
  • «Жарандык платформа» КФ.

КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Кенжебаев Аманкан Батырбекович Кылмыш-жаза кодексине алар демилгелеп жаткан мугалимди сыйлабастыктын көрүнүшү боюнча өзгөртүүлөр жөнүндө өз пикирин айтты.

«Балдардын укугун коргоочулар лигасы» коомдук фондунун директору Назгүл Турдубекова Кодекске өзгөртүү киргизүүнүн терс кесепеттери тууралуу айтып, ошондой эле өлкөдөгү каржылык абал жана педагогикалык кадрлардын деңгээлинин төмөндүгү тууралуу айтып берди. Андан тышкары, мындай санкциялар каргашалуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн деп жарыяланды 

Мектеп окуучуларынын арасындагы укук бузууларды каттоонун абалы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин тергөө кызматынын бөлүм башчысы Макилов Султан Бейшенбекович маалымат берди

«Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун юристи Ирина Витальевна Летова мыйзам долбоорунун беренелери туура эмес, Конституциялык сотто эки түрдүү чечмелениши мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирди.

«Стратегиялык чечимдер» коомдук фондунун эксперти Гүлмира Маматкеримова коомго болгон кысым анын мындан ары криминалдашып кетишине таасирин тийгизип жатканын, балдарга карата гумандуу ыкмалар гана бул көйгөйлөрдү чечүүгө алып келерин айтты.

Суроо-жооп сессиясынан кийин талкуунун жыйынтыгында бардык тараптарды тартуу менен тегерек стол өткөрүү зарылчылыгы тууралуу чечим кабыл алынды. Ошондой эле жарандык коомдун өкүлдөрү долбоорду кайтарып алуу керек деген пикирлерин айтышты.

Ошондой эле, демилгечилерге жана ИИМдин өкүлүнө түз эфирдин угармандары тарабынан берилген  бир катар суроолорду узаттык.

Биздин медиа өнөктөшүбүз Kaktus.Mediaга өз платформасында эфирди көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдиребиз.

Түз эфирди бул жерден көрө аласыз: https://www.facebook.com/platformakg/videos/397316282366727/