ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУКТУ ТОКТОТУУ АРАКЕТИ: ПАРЛАМЕНТТЕ БИР КАТАР МЫЙЗАМДАРГА ЖАНА КОДЕКСТЕРГЕ ӨЗГӨРТҮҮЛӨР СУНУШТАЛДЫ
Жогорку Кеңеште «Үй-бүлөлүк, сексуалдык жана гендердик зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамдын долбоору каралууда. Анын демилгечилери: Ашимова Д.А., Нарматова Н.А., Козуев А.А., Мажитова Ш.М., Мамасадыков З.Д., Алимжанова Н.Я., Абдибаева А.Н., Малиев А.К., Раимбачаева В.К., Темирбаева М.О., Коргонбай уулу Ж., Талиева К.А., Исатбек кызы А., Джумабеков Д.А., Айжигитов С.А., Шабазов Б.В., Атамбаев С.А., Молдобекова Г.С., Исираилов А.А., Атазов Ш.К., Ханджеза К.Л., Лурова Л.Х., Айдарова А.А., Ажибаев Ч.И., Таалайбек кызы Ж., Исаева Дж.К., Маматалиев М.А., Исмаилов Ф.Д., Султанбекова Ч.А., Сыдыков М.Ж., Эрбаев А.Т., Култаева Г.О., Кенжебаев А.Б.
Документтин негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин, “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” Мыйзамдын, Үй-бүлө кодексинин, Турак-жай кодексинин, Жаза аткаруу кодексинин, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекстин, “Пробация жөнүндө” Мыйзамдын, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Мыйзамдын, “Ички иштер органдары жөнүндө” Мыйзамдын, “Жазык аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө” Мыйзамдын айрым жоболоруна жабыр тартуучуларды коргоо, укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу, айрыкча үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктардын курмандыктарынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
Маалымкат-негиздемеге ылайык, мыйзам долбоору сексуалдык, гендердик, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган кыз-келиндерге комплекстүү жардам берүү, зомбулук көрсөткөн адамдардын жазасыз калуусун болтурбоо максатында иштелип чыкты.
2024-жылдын 12-июнунда документ парламенттин жалпы жыйынында каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Мыйзам долбооруна ылайык:
- зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулуктарга карата тараптардын элдешүүсүнө тыюу салынат;
- жашы жете электер менен никеге тургандар менен элдешүүгө тыюу салынат;
- 16 жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоо, адам сатуу, мыйзамсыз миграция, үйлөнүү максатында ала качуу, никеге турууга мажбурлоо беренелери боюнча айыпталгандарга пробациялык көзөмөл колдонууга болбойт;
- Үй-бүлөлүк зомбулук жасаган адамдын жүрүм-турумун оңдоо үчүн түзөтүү программасынан өтүүгө мажбурланат;
- Ур-токмокко алган, атайылап денеге жеңил жаракат келтирген, үй-бүлөлүк зомбулук жасагандар 7 суткага чейин камалат же 40 саатка коомдук жумуштарга тартылат;
Мыйзам долбоору менен КЖПКнын 144 жана 153-беренелерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталат.
— тергөөгө чейинки текшерүү жана тергөө баскычынын башталышы жана аягы;
— тергөөчүнүн, прокурордун тергөөгө чейинки текшерүү баскычында кароонун бардык түрлөрүн, күбөлөндүрүүнү, жабырлануучуну суракка алууну, шектүүнү кармоону жүргүзүүгө болгон укугу;
— тергөөчүнүн, прокурордун тергөөгө чейинки текшерүү өндүрүшүнө катышкан жактарга укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүү жана ушул укуктарды жүргүзүлүп жаткан процессуалдык аракеттер жана кабыл алынып жаткан процессуалдык чечимдер алардын кызыкчылыгын козгогон бөлүгүндө камсыз кылуу, адвокаттын кызматынан пайдалануу, ошондой эле тергөө органынын жана алгачкы текшерүү органынын кызмат адамдарынын аракеттерине (аракетсиздигине) карата даттануу берүү милдети;
— тергөөчүнүн, прокурордун тергөөгө чейинки текшерүүнүн катышуучуларына сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыктабоо жөнүндө эскертүү жана зарыл учурларда тергөөгө чейинки текшерүүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүү милдети;
— тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар КЖПКнын 80-беренесинин жоболору сакталган шартта далил катары пайдаланылышы мүмкүн.
2.9. КЖПКнын 154-беренесине ылайык, арыз ээси тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечимине даттанууга укуктуу.
Ушуну менен бирге, эгерде прокурор же тергөөчү судья арыз ээсинин даттануусун карап чыгып, тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтомун мыйзамсыз же негизсиз деп тааныса, анда прокурор тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтомун жокко чыгарууга жана материалдарды кошумча текшерүү өндүрүшү үчүн жөнөтүүгө укуктуу.
Мындай учурларда, кылмыш жөнүндө арызды кароонун жалпы мөөнөтү 40 суткага чейин узартылышы мүмкүн. Прокурордун мындай ыйгарым укугун жабыр тартуучунун сот адилеттигине жетүүсүн чектөөчү фактор деп таануу керек.
Эгерде прокурор же тергөөчү судья жабырлануучунун даттануусун негиздүү деп, ал эми тергөөчүнүн кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтомун мыйзамсыз же негизсиз деп тааныса, анда бул автоматтык түрдө кылмыш ишинин козголушун билдирүүгө тийиш.
2.10. КЖПКда белгиленген сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыктоого болгон тыюунун коомдук маанилүү кызыкчылыктар сыяктуу эле, жеке кызыкчылыктарды да коргоо максаты бар. Жеке кызыкчылыктарга мыйзам менен корголуучу жабырлануучунун жана кылмыш-жаза процессинин башка катышуучуларынын сырын, ар-намысын жана ишмердик беделин сактоо, ошондой эле алардын коопсуздугун камсыздоо кирет. Бул маселе гендердик жана сексуалдык зомбулук иштери боюнча өзгөчө аяр маселе болуп саналат.
КР Конституциялык сотунун 2022-жылдын 8-июнундагы чечиминде КЖПКнын 167-беренесинин ченемдери укуктук аныктуулук принцибине жооп бербей тургандыгы жана эгерде аларды ачыктоо тергөөнүн кызыкчылыктарына каршы келбесе жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузбаса айкындылышы мүмкүн болгон маалыматтардын тизмегине камтыбай тургандыгы белгиленген.
КЖПКнын 167-беренесинин сунушталган редакциясы сотко чейинки өндүрүштүн кызыкчылыктары жана укуктары, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын мыйзамдуу кызыкчылыктары менен өз ара катышын эске алуу менен сотко чейинки өндүрүштүн сырын түзгөн маалыматтарды ачыктабоого байланышкан маселелерди камтыйт.
Ошентип, сотко чейинки өндүрүштүн маалыматтарын ачыкка чыгарууга тыюу салуу жөнүндө талаптарды сактоо тергөөгө чейинки текшерүү баскычына да жайылтылууга тийиш.
2.11. КЖПКнын 162-беренесинде тергөө мөөнөтү белгиленген – коркунучтуулугу аз кылмыштар жөнүндө иштер боюнча – 1 ай, ал эми калган бардык иштер боюнча – кылмыш иши козголгон күндөн тартып 2 ай. КЖПКнын 246-беренесинин 3-пунктуна ылайык, эгерде тергөө мөөнөтү бүтсө, кылмыш жасаган жак аныкталбагандыгына (ачылбагандыгына) байланыштуу тергөө токтотулат. Ушуну менен бирге, тергөө органы шектүүнү аныктоо боюнча чараларды көрүүнү, анын ичинде тергөө амалдарын көрүүнү улантууга милдеттүү.
Мыйзам долбоору менен тергөө органдарына тергөө аракеттерин жүргүзүүнү гана эмес, ошондой эле, эң оболу, кылмыштарды ачууга багытталган атайын тергөө аракеттерин да жүргүзүүгө укук берүү сунушталат. Талаш жок, тергөө органдарына процессуалдык мүмкүнчүлүктөрдү берүү кылмыш жасаган жактарды натыйжалуу ачып чыгууга, жоопко тартууга мүмкүндүк берет жана бул жабырлануучунун кызыкчылыктарына жооп берет.
2.12. Жабырлануучу менен шектүүнүн ортосунда жарашуу жөнүндө макулдашуу жол-жобосун өркүндөтүү максатында, жабырлануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун процессуалдык кепилдигин көбөйтүү менен КЖПКнын 58-главасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө.
Алсак, үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан кылмыштар боюнча жарашуулар жөнүндө макулдашуу жабырлануучунун, анын өкүлүнүн же мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча гана түзүлүшү мүмкүн экендигин караштыруу сунушталууда.
Эгерде мыйзамдуу өкүлдүн аракеттери ал кызыкчылыгын коргогон адамдын кызыкчылыктарына каршы келсе, тергөөчүнүн, соттун чечими боюнча бул мыйзамдуу өкүл КЖПКнын 421-беренесинде аныкталган жактардын арасындагы башка бирөө менен алмаштырылат.
507-беренеге дагы олуттуу өзгөртүүлөр сунушталууда. Аракеттеги редакцияда тараптарды жараштыруу жөнүндө макулдашуу кылмыш ишин кыскартуунун кынтыксыз негизи болуп саналат, башкача айтканда тергөөчү менен сотко аталган макулдашуу түзүлгөн жагдайларды текшерүү милдети каралган эмес. Ошентсе да, практикада жабырлануучу тараптан элдешүү ыктыярдуу болбогон, мүмкүн зомбулук, мажбурлоо, коркутуу же сөз берүүнүн, алдамчылыктын натыйжасы ж.б. болгон учурлар сейрек эмес.
Ушуга байланыштуу, тараптардын элдешүүсү жөнүндө макулдашуунун шарттары сакталбаган учурда, анын ичинде, эгерде жабырлануучунун же башка жактардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары бузулуп жатса, тергөөчү менен соттун жалпы тартипте сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү укугун караштыруу сунушталат.
“Үй-бүлөдөгү зомбулуктан социалдык-укуктук коргоо жөнүндө” мыйзам дагы өзгөртүлгөнү турат
Жабыркаган тарапка берилип жаткан укуктар:
-укуктук, социалдык, медициналык, псиохологиялык жардамды күтүүсүз алууга;
-тиешелүү орган тарабынан коргоого жана коопсуздугун камсыз кылууга;
-убактылуу коргоо ордерин алууга;
-Мамлекет тарабынан кепилденген укуктук жардам алууга; ;
-жеке мүнөздөгү маалыматтарын жашырууга;
-жардам көрсөткөн адис тандоого;
Мыйзам долбоору боюнча буга чейин “Талкуу” программасында терең талдоо жүргүзүлгөн. Кенен маалыматты ушул жактан алсаңыздар болот.