Рус Кырг Eng

ЖМК ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНУН КЕЗЕКТЕГИ РЕДАКЦИЯСЫ СУНУШТАЛДЫ

ЖМК ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНУН КЕЗЕКТЕГИ РЕДАКЦИЯСЫ СУНУШТАЛДЫ

2022-жылы КР Президентинин Администрациясы тарабынан “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзамдын жаңы редакциясы сунушталган. Документ коомчулук тарабынан катуу сынга алынган. Анткени, анда адам укуктары, сөз эркиндиги боюнча чектөөлөр киргизилип калган. Мыйзам долбоорунда айрыкча көз карандысыз, чет өлкөлүк ММКлар жана журналисттердин ишмердүүлүгүнө катуу чектөөлөр камтылган эле.

Коомчулуктун нааразычылыгынан улам, мыйзам долбоорундагы мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бир жыл ичинде “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзам долбоорунун төрт редакциясы сунушталган. Ал эми 2023-жылдын 15-майында коомдук талкууга бешинчи варианты чыгарылган. Бирок анда сөз эркиндигин чектеген пункттар калгандыктан, сындар күчөгөн. 2024-жылдын 13-мартында Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен мыйзам долбоору кайра иштеп чыгуу үчүн артка чакыртып алынган.

2024-жылдын 28-июнунда маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги медиа, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушууда “Жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу” мыйзамдын долбоорунун алтынчы версиясын сунуштап, коомдук талкууга чыгарды.

Анда төмөндөгүдөй сунуштар камтылган:

  • 12 ай ичинде экиден көп жолу ЖМК тууралуу мыйзамды бузуу катталып, бул тууралуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан жазуу түрүндө редакцияга же мекеменин негиздөөчүсүнө эскертүү берилип, ал бузуулар жоюлбаса Жалпыга маалымдоо каражатынын ишмердүүлүгүн токтотууга негиз болот;
  • Буга чейинки варианттарда онлайн-платформаларды кошуп бардык ММКлар милдеттүү түрдө каттоого туруш керек деген талап болсо, эми интернет басылмалар, аудио-видео жана кинохроникалык программалар ыктыярдуу түрдө каттоого турат деген пункт киргизилген.
  • «ЖМК редакциясы» деген түшүнүк кеңейтилүүдө. Анын курамына эмгек келишими аркылуу тартылган жамаат гана эмес, контентти жасоого катышкан жеке жана юридикалык тараптар дагы кошулат;
  • «Коомдук кызыкчылык» деген түшүнүк киргизилет. Ал аркылуу зарыл болгон учурда сөз эркиндигин чектөөгө критерий аныктоого жол ачылат;
  • ММКга маалымат берген адам менен өз ара сүйлөшүүлөргө жараша маалымат булагынын аты-жөнүн сыр бойдон сактоо милдети киргизилет;
  • Зомбулукка, кастыкты козутууга, порнографияны жайылтууга жана башка ушул сыяктуу аракеттерге байланыштуу маалыматтарды таратууда чектөө киргизүү үчүн так укуктук критерийлерди бекитүү;
  • Маалымат расмий булактан алынса, коомчулук алдында сүйлөгөн сөздөн алынса, маалымат башка ММКлар тарабынан жарыяланган учурда ММКны такталбаган маалымат таратканы үчүн жоопкерчиликтен бошотот.