Рус Кырг Eng

“Жарандык платформа” коомдук фондунун кеңсесинде өнөктөштөр менен жолугушуу болду

“Жарандык платформа” коомдук фондунун кеңсесинде өнөктөштөр менен жолугушуу болду

Бүгүн, 6-июнда, “Жарандык платформа” коомдук фондунун кеңсесинде өнөктөштөр менен жолугушуу болду.

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн адам укуктары боюнча департаментинин башчысы Кристофер Блэр, демократиялык институттар маселеси боюнча Улуттук кеңешчи Жаннат Сооронбаева, долбоордук адис Ольга Сергиенко менен Айнура Усупбекова жетектеген “Жарандык платформа” коомдук фондунун эмгек жамаатынын жолугушуусу жылуу маанайда өттү.

Анда уюм тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берилип, өнөктөштөр суроолоруна жооп алышты.  Учурда “Жарандык платформа” коомдук фонду тарабынан жарандык лидерлик боюнча онлайн мектеби, аялдардын укугун коргоого багытталган жана коомдогу актуалдуу маселелерди эл алдында талкууга алып чыккан ири долбоорлор  жигердүү жүзөгө ашырылууда. Алсак, жарандык лидерлик мектеби учурда өлкө боюнча 400гө жакын катышуучуга “Технолидерлик” окуу курсун өтүп жатат.  Ал эми “Жарандык платформа” коомдук фондунун кеңсесинде жасалгаланган студияда айына эки жолу актуалдуу маселелер көтөрүлгөн “Талкуу” программасы түз эфирде чыгат. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин Төрагасынын алдындагы аялдардын, балдардын укуктары жана гендердик теңчилик боюнча кеңештин алкагында “Жарандык платформа” уюму активдүү иш алып барып, бир катар иш-чараларды уюштуруп келет.

Бүгүн өнөктөштөр менен жолугушууда коомдук фонддун кызматкерлеринин ар бири өздөрүнө тиешелүү тармак боюнча маалымат беришти. Ошондой эле, долбоорлорду ашыруудагы көйгөйлөр дагы орто салынып, аны чечүү боюнча сунуштар, мүмкүнчүлүктөр тууралуу пикир алышуулар болду. Өнөктөштөр аткарылып жаткан иштерди канааттануу менен белгилеп, алардын жарандар үчүн маанилүү экенине көңүл буруу менен мындан ары дагы кызматташууга кызыкдар экенин кошумчалашты.