Рус Кырг Eng

Конституция күнүң менен, Кыргызстан!

Конституция күнүң менен, Кыргызстан!

     Урматтуу достор!

     Кыргызстандын бардык тургундарын Конституция күнү менен куттуктайбыз!

     Конституция жарандардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган, ошондой эле бул укуктарды коргоо кызыкчылыгында мамлекеттин бийлигин чектеген негизги документ болуп саналат. Бул демократиялык жана укуктук мамлекеттин пайдубалын түзүүчү, жарандарды өзүм билемдиктен жана укуктарын бузуудан коргогон документ. Бул биздин демократиялык түзүлүшүбүздүн пайдубалын түптөп, мамлекет катары өнүгүүбүздүн башталышы болгон документ.

     Ушул 30 жыл ичинде Конституция биздин туруктуулугубуздун жана бакубат жашообуздун негизи болду.

     Бул майрамда биз бир аз токтоп, Конституциябыздын мааниси жана анын жоболорун кантип биргелешип коргоо, Кыргызстанда демократияны жана адам укуктарын өнүктүрүүгө көмөктөшө аларыбыз жөнүндө ой жүгүртүшүбүз керек.

     Конституция күнү биз үчүн мыйзамдуулукту бекемдөө, жарандык эркиндиктерди коргоо жана демократиялык баалуулуктарды сактоо боюнча ишибизди улантуу үчүн дем берүүчү күн болсун.

     Конституция күнүң менен, Кыргызстан!