Жергиликтүү соттордун жаңы судьяларына мыйзам чегинде гана иш алып баруу тапшырылды

July 29, 2016

Жергиликтүү соттордун жаңы судьяларына мыйзам чегинде гана иш алып баруу тапшырылды

Жогорку сотто жаңы дайындалган соттор ант беришти.

Жергиликтүү соттордун жаңы шайланган судьялары 28-июлда ант беришкенин Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева жаңы дайындалган кесиптештерин куттуктап, Соттун кызматы ардактуу болгону менен бирге чоң жоопкерчиликти талап кыларын айтты.

“Сиздердин иштериңиздерге ийгиликтерди каалоо менен бирге мыйзам чегинде гана иш алып барууңуздарды өтүнөм” — деп Токбаева белгилеген.

Эске салсак, президент Алмазбек Атамбаев 26-июлда “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда Ак-Суу жана Жети-Өгүз райондук, Балыкчы шаардык жергиликтүү сотторунун, Нарын жана Ош облустарынын райондор аралык сотторунун, Баткен жана Талас облустук сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

http://sputnik.kg/politics/20160729/1028257969.html