Рус Кырг Eng

(Кыргызча) Коммерциялык эмес уюмдардын «чет өлкөлүк өкүл» катары каттоого туруусу жана алардын ишмердүүлүгүн текшерүү тартиби жөнүндө жобо

(Кыргызча) Коммерциялык эмес уюмдардын «чет өлкөлүк өкүл» катары каттоого туруусу жана алардын ишмердүүлүгүн текшерүү тартиби жөнүндө жобо

Быйыл апрелде “Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, “чет өлкөлүк өкүл” деген жаңы түшүнүк пайда болду. Ага ылайык, сырттан каржыланган жана саясий ишмердүүлүк жүргүзгөндөр атайын реестрге катталышы керек.

2024-жылдын 16-майында юстиция министрлиги өкмөттүк эмес уюмдардын «чет өлкөлүк өкүл» катары катталуусу жана алардын ишмердүүлүгүн текшерүү тартиби жөнүндө жобону бекиткен.

Ошол эле убакта, 27-августта Министрлер Кабинети коммерциялык эмес уюмдарды “чет өлкөлүк өкүл” катары каттоо жана аларды текшерүү боюнча өзүнүн жобосун жарыялады. Эми юстиция министрлиги так ушул документке таянып иш алып барат десек болот. Жобону талдап көрүп, төмөндөгүдөй бүтүмгө келдик:

Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюм 2 айдын ичинде реестрге катталышы керек. Эмнеге?

 

“Коммерциялык эмес уюмдар тууралуу” мыйзамдын аткарылышы тууралуу токтомдо, тагыраагы жогоруда аталган жободо токтом күчүнө киргенден тарта сырттан каржыланып, саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн өкмөттүк эмес уюм эки ай ичинде Реестрди түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз менен кайрылышы керек деп жазылган.

Токтом расмий жарыялангандан кийин он күн ичинде күчүнө кирет. Эгер документ 15-сентябрда жарыяланса, 15-нобярда өкмөттүк эмес уюмдар КР юстиция министрлигинин Реестрине каттоого туруу боюнча арыз жазышы керек.

  Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин жобосунда  Өкмөттүк эмес уюмдун жетекчиси токтом күчүнө киргенден кийин 5 күн ичинде Реестрге катталуу боюнча арыз жазууга милдеттүү деп жазылган.

Жөнөкөй тил менен айтканда процедура төмөндөгүдөй болот:

  • Ноябрдын башында “Коммерциялык эмес уюм тууралуу” мыйзамды аткаруу тууралуу токтом күчүнө кирет.
  • Сырттан каржыланып, саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн уюмдун жетекчисине атайын Реестрге каттоого турууга 5 күн убакыт берилет. Ошондо болжол менен 20-ноябрдан тарта министрлер кабинети бардык өкмөттүк эмес уюмдарды өзгөчө тизмеге кирүүгө милдеттендирет.

Реестрге катталбагандарга кандай чаралар каралган?

– Алгач юстиция министрлиги бир ай ичинде чет өлкөлүк өкүл катары каттоого туруу керектигин эскертип, жазуу түрүндө кат жөнөтөт.

-Эгер өкмөттүк эмес уюм ага баш ийбей, каттоого турбай жүрө берсе, юстиция министрлиги өзүнүн чечими менен уюмдун ишмердүүлүгүн 6 айга чейин токтотот. Мындай шартта уюм банктык эсептерин (чарбалык ишмердүүлүк, эмгек келишимдери, салык, айып пул төлөмдөрүн кошпогондо) колдоно албай калат.

– Эгер белгиленген мөөнөттө коммерциялык эмес уюм эскертүүдө жазылгандарды аткарбаса, юстиция министрлиги Жарандык кодекстин 96-беренесине ылайык, өкмөттүк эмес уюмду жоюу боюнча сотко кайрылат.