Рус Кырг Eng

Кыялдарды ишке чогуу ашырабыз

Келгиле, бул ийгилик тарыхына чогуу сүңгүп көрөлү, кандай кыйынчылыктар жеңгенин жана бейөкмөт уюмдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын гармониялуу өз ара аракеттенүүсү кандай оң өзгөрүүлөргө таасир эте аларын билели.

Талас облусунун Бакыян айылынын тургуну Айдана балдарын бекер бала бакчага алып барат. Ушул эле айылда 70 жаштагы апалар дагы спорт залда машыгып ден-соолугун жакшыртып жатышат. Айылдагы бул жана башка жетишкендиктердин баары айыл өкмөттүн бейөкмөт жана эл аралык уюмдар менен алып барган активдүү иш-аракетинин үзүрү.

Мындай уюмдар өлкө боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам берип, адам укуктарын коргоп, бала-бакча, мектеп, жада калса спорт залына чейин куруп келишет. Бакыян айылы буга айкын мисал болуп бере алат.

Бул видео материал “Медиа Өнүктүрүү Борбору” коомдук фонду жана Кыргызстандын аракеттеги медиа Платформасы менен биргеликте “Strong Civil Society Makes a Strong State Campaign” долбоорунун алкагында, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен даярдалды