Рус Кырг Eng

Жарандык Көзөмөлдөө Комитети

Жарандык Көзөмөлдөө Комитети

Жарандык Көзөмөлдөө Комитети

Биз – жарандар – мурунку президент А.Атамбаевди кармоо аракеттерине байланышкан кырдаалга терең тынчсыздануудабыз жана кооптонуудабыз.
Биз тезинен КР ЖКнын кезексиз жыйынга чогулуусун жана токтоосуз түрдө паритеттик негизде парламенттик комиссия түзүүнү талап кылабыз. Ал комиссиянын курамы 6 фракциянын лидерлеринен жана А.Атамбаевдин 6 жактоочуларынан (кол тийбестигикти алып салууга каршы добуш берген 6 депутат), ошондой эле көз карандысыз эксперттерден түзүлүшү абзел.
Ал комиссия ачык-айкындуулук принциптеринин жана объективдүүлүктү камсыздоонун негизинде иштеши керек.
Комиссия тезинен чыр-чатакты тынчтык жолу менен жөнгө салуу, жарандык карама-каршылыкка алып келген аракеттерди териштирүү иштерин жүргүзө баштасын.
Каршылык көргөзгөндөргө карата кандайдыр бир күч колдонуу же коркутуп-үркүтүү методдорун колдонууну токтотууну талап кылабыз, анткени анын кесепетинен жагдай мындан да кескин курчуп, дагы көп адамдар курмандыкка чалынышы ыктымал.
Биз А.Атамбаевдин тарапташтарынан штурм учурунда барымтага алынгандарды бошотууну талап кылабыз.
Биз сүйлөшүүлөрдү күч колдонбой ынандыруу жолдору менен өткөрүү артык деп баса белгилейбиз.
Ошол эле учурда биз бул чыр-чатактын эки тарабы тең Россиянын жетекчилигине ички саясый процесске кийлигишүүгө чакырууларын токтотуусун тарап кылабыз.
Андыктан Парламент өзүнүн кезексиз ишин башташ керек жана мындан ары бардык мамлекеттик органдардын иш аракеттери парламентте талкууланышы абзел.
Биз бардык жарандарга чыр-чатакты мындан ары да өөрчүтүүгө катышпоого, улуттук, регионалдык же дагы башка мүнөздөгү бөлүп-жарууга үгүттөгөн чакырууларды колдобоо чакырыгы менен кайрылабыз.
Биз бардыгыбыз тынчтык менен жашаган көз карандысыз Кыргызстан жана анын өнүгүүсү үчүн!

2019-жылдын 8-августу