Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамдары өзгөртүлүүдө

Шайлоо мыйзамдары өзгөртүлүүдө

Кыргызстанда шайлоо тууралуу мыйзамдарды жакшыртуу боюнча 2018-2020-жылдарга карата стратегия иштелип чыкты. Бүгүн Бишкекте аталган  стратегиянын долбоору коомдук талкуудан өттү. Жалпысынан стратегияда беш негизги багыт белгиленген. Ага ылайык, президентти, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо, талапкерлерге карата жаңы талаптар киргизилген. Ошондой эле партиялар арасында тең укуктуулукту, таза атаандаштыкты камсыздоо үчүн шайлоолордо финансылык чектөөлөр кирет.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2018-2020-жылдарга карата шайлоо тууралуу мыйзамдарды жакшыртуу боюнча стратегиясын иштеп чыкты. Президент Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен атайын жумушчу топ иштеп чыккан стратегия долбоору буга чейин аймактарда талкууланып, 26-июнда Бишкекте коомдук угуудан өттү.

Документте негизги беш багыт сунушталган. Долбоордо президенттикке, Жогорку Кеңеш жана жергиликтүү кеңештин талапкерлерине жаңы талаптар коюлду. Эми жергиликтүү кеңешке шайлоого катыша турган адамдын орто же орто кесиптик, парламент жана президенттикке талапкер адамдардын жогорку билими болушу шарт. Ал эми кайсы деңгээлде талапкер болбосун кош жарандуулугун жашырганы кийин аныкталса, ал үчүн жоопкерчиликке тартылат. Мындан сырткары оор кылмыш менен соттолгондор соттуулугу жоюлгандан 10-15 жылдан кийин гана шайлоого талапкер болуп катыша алат.

Ошондой эле партиялар арасында тең укуктуулукту, таза атаандаштыкты камсыздоо үчүн шайлоолордо финансылык чектөөлөр кирет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында иштелип чыккан жаңы стратегия шайлоону түп-тамырынан бери өзгөртөт дегенди билдирбейт. Өткөн президенттик шайлоодогу кемчиликтерди эске алып, талапкерлерге финансылык чектөө киргизилет.

-Долбоордо президенттик шайлоодо финансылык чек коюп атабыз, ал шайлоо фондуна байланыштуу. Белгилүү болгондой, былтыр шайлоо учурунда каржылык чыгашалардын чектөөсүн парламент алып салган эле. Бул шайлоодо негативдүү таасир этүүчү фактор болду. Ал көрүнүш биринчи фактор болуп калышы мүмкүн экендигин өткөн шайлоодо көрдүк. Жарандык коомдун өкүлдөрү талапкерлердин билими жогору болуусун сунушташты. Ал маселе да каралууда.

Стратегияда ошондой эле келе жаткан 2020-жылда өтө турган парламенттик шайлоолорду өткөрүү формалары боюнча сунуштар камтылганын Шайлдабекова кошумчалады.

Бизге парламенттик системага баары бир күчтүү партиялар керек. Парламентаризмдин институту катары партияларды бекемдейбиз деген максат коюп атсак, анда партияларга убакыт, мүмкүнчүлүк, шарт да түзүп беришибиз керек. Пропорционалдык шайлоо системасы аларды өркүндөтөт деп ойлойм. Кийинки шайлоого ачык тизме же преференциалдык добуш берүүнүн түрлөрүн жана формаларын көрөлү деп атабыз.

Президент аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Досалы Эсеналиев кийинки шайлоолор сунушталып жаткан стратегияда көрсөтүлгөн талаптар менен өтүүсү керектигин билдирди.

2020-жылдагы шайлоого чейинки эрежелер бир жыл мурун аныкталышы керек, бул жерде 2019-жылдын сентябрь айы боюнча кеп болуп жатат. Учурда бизде эрежени аныкташ үчүн бир маселе бар. Мыйзамдын бардык долбоорлору кабыл алынышы керек. Буйруса бардыгы өз убактысында кабыл алынат.

“Жарандык платформа” коомдук фондунун жетекчиси Айнура Усупбекова долбоордо добуш сатып алуу аракетине бөгөт коюу чаралары каралганын билдирди. Анын айтымында, пара сунуштаган жак кылмыш жоопкерчилигине тартылса, ал эми параны алган административдик жоопкерчиликке  тартылат.

Өткөн шайлоодо добушту сатып алуу аябай көп болду. Ошондон улам эки жактын тең жоопкерчилигин күчөтүү керек. Буга чейин добуш сатуу тууралуу укук коргоо органдары арыздын негизинде эле караса, стратегияда оозеки угуп эле жоопкерчиликке тартат. Бул добушун саткан жарандарга да өзгөчө коркуу сезимин жарат.

Шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу боюнча стратегиянын жумушчу тобунун эсксперти Бакытбек Самаков парламенттик жана президенттик шайлоодо үгүт жана маалымат берүү иштеринин мөөнөттүн узартуу керектигин билдирди.

Анын айтымында, талапкерлеге теледебаттардын убактысында көбөйтүү керек. Бул элдин талабы. Анткени талапкерлердин программалары менен кенен тааныша албай калууда. Эгерде мөөнөт узартылса, эл талапкерлерди анализдеп, татыктуусун тандоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Биз долбоорду аймактарда да талкуудан өткөргөндө элден бир топ сунуштар түштү. Анда эң көп үгүт ишинин мөөнөтүн узартуу, теледебаттардын убактысын көбөйтүү айтылды. Ошого жараша узартуу боюнча маселе каралууда.

Белгилей кетсек, документ Өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү боюнча улуттук кеңештин кароосуна коюлат. Андан соң мыйзам долбоору болуп, Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилет.

www.maralfm.kg/archives/320298