Рус Кырг Eng

Бүгүн, 2019-жылдын 17-майында “Plaza” отелинде шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча Жумушчу топтун демилгеси боюнча коомдук диалог өттү

Коомдук диалог 2018-2020-жылдарга КР шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясын жүзөгө ашыруу алкагында уюштурулду. Бул иш-чаранын максаты КР шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү Стратегиясында каралган партияларды өнүктүрүү жаатындагы чараларды талкуулоо болуп саналат.

Кириш сөз менен КР БШКнын Төрагасы Н. Шайлдабекова, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросунун демократиялаштыруу бөлүмүнүн башчысы Марчин Валецки жана КРдеги шайлоо тутумдары эл аралык фондусунун Өкүлчүлүгүнүн программалык улук менеджери А. Орехов кириш сөз менен чыгып сүйлөштү. Ошондой эле Жумушчу топтун мүчөлөрү, саясий партиялардын, жарандык коомдун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер катышты.

А. Орехов: “Көп жылдар мурда Кыргызстанда коомдук диалогду өткөрүү идеясы пайда болгонуна мен кубанычтамын, адегенде бул республикалык шайлоодон кийин жыйынтыктарды чыгаруу идеясы болгон, андан соң коомдук диалогдун формасы абдан популярдуу болуп, БШК, ЕККУ жана жарандык сектор башында турган өнөктөштөр мындай иш-чараны өткөрүүнү дайыма колдогону салтка айланды. Бул – дискуссияларды өткөрүүнүн мыкты формаларынын бири, мында ар бир тараптын өз пикирин айтууга, мыйзамдарды реформалоонун концепциясын өзгөртүү жаатындагы маселелерди талкуулап, чечүүнүн кыйла мыкты жолдорун табууга мүмкүнчүлүгү бар”.

Баяндамалар менен төмөнкүлөр чыгып сүйлөдү:

Эксперт Ж. Абдыкадырова “Саясий партиялар жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүү стратегиясында каралган чаралар” деген темада;

“Замандаш” саясий партиясынан П. Суранова партиялык ички демократияны өнүктүрүүнүн зарылдыгы жөнүндө темада;

КР БШКнын мүчөсү Г. Джурабаева “Саясий партиялардын ишин каржылоо жөнүндө” деген темада.

Иш-чарада төмөнкү маселелер талкууланды:

  • Саясий партияларды түзүүнүн жана аларда мүчөлүктүн тартиби;
  • Саясий партиялардын ишин мамлекеттик каржылоо жана анын мүмкүн болгон формалары;
  • талапкерлердин тизмесин түзүү маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу тартиби;
  • Саясий партиялардын мүчөлөрүнүн укуктарын кеңейтүү;
  • Саясий партияларды каржылоонун айкындуулугу;
  • Саясий партияларда мүчөлүктү токтотуунун тартиби;
  • Каржылык отчёт берүү;
  • Саясий партиялардын укуктары жана милдеттери;
  • Саясий партиялардын ишин токтотуу.

“Каржылоонун жана айкындуулуктун маселелери, саясий партиялардын ишинде коррупциянын жоктугу партиялардын жана жалпы эле мамлекеттин келечектеги өнүгүүсүнүн өбөлгөсү болуп саналат” деп белгиледи ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча Бюросунун демократиялаштыруу бөлүмүнүн башчысы Марчин Валецки.

Коомдук диалогдун жыйынтыктарында бардык айтылган пикирлер жана сунуштар эске алынды, алар Жумушчу топтун мындан аркы ишинде колдонулмакчы.

https://shailoo.gov.kg/kg/news/2639/