Рус Кырг Eng

Токтогул Какчекеев: “Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы кол чогултуу – “белгилүү адамдардын” акыркы мүмкүнчүлүктөрүнүн бири”

Токтогул Какчекеев: “Башмыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы кол чогултуу – “белгилүү адамдардын” акыркы мүмкүнчүлүктөрүнүн бири”

КРнын Башмыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы кол чогултуу – “белгилүү адамдардын” акыркы мүмкүнчүлүктөрүнүн бири. Мындай пикирин саясат таануучу Токтогул Какчекеев өлкөнүн Башмыйзамына өзгөртүү киргизүүгө жана Жогорку Кеңешти таратууга каршы кол чогултууну демилгелешкендерге байланыштуу айтты.

КР Башмыйзамына өзгөртүү киргизүүгө каршы кол чогултуу – “бийлик+оппозиция+бийлик” саясат талаасында иштеп, бирок бийлик жана жеке кызыкчылыктарынан башка өздөрүнүн артына өлкөнү куруучу катары эстелик калтырышпаган “белгилүү адамдардын” акыркы мүмкүнчүлүктөрүнүн бири”,-деди саясат таануучу.

Анын айтымында, кол чогултуу – алардын акыркы мүмкүнчүлүктөрүнүн бири. Ал эми эң акыркысы – адаттагыдай эле митингчилердин жүрүшү болмокчу.

Т.Какчекеев “эл үчүн камкордук көрүүчүлөр” байлыгын жана саясаттагы “кадырын” сактап калуу үчүн күрөшүп жаткандыгын белгиледи.
“Андан ары алар “бизди түшүнүшпөй жатышат, биз өлкөдөгү реформа идеяларын алып жүргөн мыкты демократтарбыз” дешип дүйнөлүк коомчулукка жар чакырып башташат”,-деп айтты ал.

Бирок, саясат таануучунун пикиринде, мындай жулуунулар ызы-чууну пайда кылуу, аны менен аракеттеги КР Конституциясына Венеция комиссиясы аркылуу көз каранды кыла турган жол-жобону таңуулоо, ошондой эле Батыштын көзөмөлүнөн чыгууну каалагандарды андай ойдон кайтарууну көздөгөнтүктөрү менен шартталган .

Т.Какчекеевдин пикири боюнча КРнын учурдагы Башмыйзамы өлкөнүн толук көз карандысыздыгына жетиши үчүн редакцияланышы керек.

http://kabar.kg/kyr/society/full/77285