Рус Кырг Eng

“КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат

“КРнын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна негиздеме-маалымкат

2010-жылы 27-июнда жалпы элдик добуш берүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынып, бул өлкөбүздүн жаңы тарыхындагы абдан маанилүү окуя болуп калды. Анын натыйжасында мамлекетти куруу жана коомду өнүктүрүү нугу түп-тамырынан өзгөрүлдү. Жаңы Башмыйзам бийликтин элден алысташына ишеничтүү бөгөт койгонго мүмкүндүк берет. 2010-жылдын апрелиндеги элибиздин баатырдыгынан жаралган Конституциянын өзөгүнө улуттук асыл нарктар сиңирилип, мазмунуна алдыңкы өлкөлөрдүн демократиялык өнүгүүдөгү жана мамлекет куруудагы баа жеткис тажрыйбасы камтылды.

Апрель элдик революциясынан кийин Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккан Конституциялык кеңешме ошол учурда үй-бүлөлүк-кландык режимди билдирген жоболорду чечкиндүү түрдө алып салды. Баш мыйзамды чыныгы демократиялуу жана прогрессивдүү жоболор менен күчөтүп, аларды мурдатан ишеничтүү таяныч болуп келген ченемдер менен шайкеш келтирди.

Конституциялык кеңешме жалпысынан ички карама-каршылыгы жок долбоорду жаратты, кыргызстандыктар бул долбоорго добуш берди.
Ошол эле учурда жаңы Конституциянын айрым жоболору коомдо талаш туудурду, алар азыркыга чейин жүрүп жатат. Саясий күчтөр Баш мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча көптөгөн демилгелерди дээрлик жыл сайын көтөрүүдө.

Конституцияга түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча референдумду өткөрүү мүмкүндүгү болгонуна карабастан, эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу эл жана мамлекет алты жыл бою мындай кадамга барган жок.

Конституциянын текстине өзгөртүүлөр киргизилбеген алты жылдык мезгилдин ичинде пайда болгон проблемаларды башка мыйзамдарды кабыл алуу жана өркүндөтүү жолу менен жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлдү. Көпчүлүк учурда Жогорку Кеңеш бул иштин өтөөсүнө чыга алды, ал эми проблемаларды чечүү жолдору табылбаган учурларда депутаттар жана Өкмөт аларды чечүүнүн жолун издеди.

Бирок, жаңы Конституция боюнча V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын беш жылдык жана VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын бир жылдык иши конституциялык жоболордогу айрым проблемаларды Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизбестен жөнгө салуунун мүмкүн эмес экендигин көрсөттү. Ал эми бул проблемалардын чечилбей жатышы адам укуктарын жана эркиндиктерин ишке ашырууда, Кыргыз Республикасынын коопсуздугун жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда тоскоолдук жаратууда.
Ошондой эле акыркы алты жылда дүйнөдө өзгөрүүлөр болуп өттү, алар майда-барат эрежелерди камтыган Кыргыз Республикасынын Конституциясында эске алынбай калган. Жаңы чакырыктар жана коркунучтар көп өлкөлөрдө, анын ичинде көп кылымдан бери демократиялуу түзүлүшкө ээ болгон европа мамлекеттеринде негизги конституциялык мыйзамдарды өзгөртүү боюнча катуу талаштарды пайда кылууда.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын сунушталган долбоору (мындан ары – мыйзам долбоору) жогоруда аталган проблемаларды жөнгө салууга, колдонуудагы Конституцияга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүүгө багытталган жана анда мамлекет менен коомдун акыркы 6 жылдагы тажрыйбасы эске алынган.
Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасы туш болгон жана келечекте боло турган кыйла маанилүү проблемалардын блогун чечет.

1. Кыргыз Республикасынын эгемендигинин негиздерин бекемдөө жана адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары таануу
Демилгечилердин пикири боюнча Конституцияда эгемен, демократиялык, укуктук, мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган, унитардык, социалдык мамлекеттин жогорку баалуулуктары аталууга жана көрсөтүлүүгө тийиш.
Мамлекеттин жогорку баалуулуктарынын биринчи катарында адам, ошондой эле анын өмүрү, саламаттыгы, укуктары жана эркиндиктери турушу керек.

Бирок ошол эле учурда Конституциянын көз карандысыздыкты жана мамлекеттик эгемендикти бекемдөө үчүн саясий-укуктук негиздерди түзүп турушу абдан маанилүү.

2. Парламенттик коалициянын, демек аткаруу бийлигинин туруктуулугун күчөтүү максатында мамлекеттик бийликтин бутактарынын өз ара аракеттенүүсүнүн принциптерин тактоо
Жаңы Конституция боюнча иштеген алты жыл көрсөткөндөй, айрым тактоолор киргизилсе, мамлекеттин түзүлүшүнүн тең салмагын кыйла жакшы камсыз кылынат.

Сунушталып жаткан түзөтүүлөр мамлекеттик бийликтин бутактарынын ыйгарым укуктарын дээрлик камтыбайт. Кыргызстандыктардын бакубат жашоосу үчүн жана Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүдөгү тоскоолдуктарды жоюу максатында айрым тактоочу жоболор гана киргизилет, алар парламенттик коалициянын жана мамлекеттик бийликтин аткаруу бутагынын туруктуулугун күчөтүүгө багытталган.

3. Сот реформасы жана өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо үчүн конституциялык негизди өркүндөтүү
Бүгүнкү күндө бирине-бири карама-каршы чечимдерди кабыл алып жаткан сот бийлигин конституциялык жөнгө салууда кемчиликтер бар. Бул сот тутумундагы баш аламандыкка мыйзам чыгаруу бийлигинин иштиктүү чара көрүүсүнө, бардык соттор менен судьялардын мыйзамдарды бирдей жана туура колдонуусун камсыз кылууга жөндөмдүү болгон системаны түзүүгө тоскоолдук кылууда.

Прокуратуранын жана башка укук коргоо органдарынын кылмыштуулукка каршы күрөшүүдөгү, мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоодогу орду жана ролу жөнүндө маселени чечүү зарыл.

4. 2010-жылдын 27-июнундагы референдумга чыгарууда шашылыш которуунун жана жарыялоонун натыйжасында колдонуудагы Конституциянын расмий (орус) тилдеги текстинин мамлекеттик (кыргыз) тилдеги текстине шайкеш келбей калышы.
Колдонуудагы Конституциянын мамлекеттик тилиндеги текстинин бир катар ченемдери расмий тилинде жазылган ченемдерге шайкеш келбей калган. Бул жагдай 2013-жылы укукту колдонуучулардын кайсыл тилдеги текстти кайсыл учурларда колдонушу керектеги жөнүндө атайын мыйзамды кабыл алууну да талап кылды. Мындай абалды конституциялык деңгээлде чечүү керек.

1. Кыргыз Республикасынын эгемендигинин негиздерин бекемдөө жана адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин мамлекеттин жогорку баалуулуктары катары таануу

1.1. Конституциянын преамбуласы адамды, анын өмүрүн, саламаттыгын, укуктарын жана эркиндиктерин Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктары катары аныктоо менен толукталат.

1.2. Көз карандысыздыктын жана мамлекеттик эгемендиктин саясий-укуктук негиздерин бекемдөө максатында бир эл аралык келишимдин башка келишимдерден негизсиз артыкчылыгы жоюлуп (6-берененин 3-бөлүгү), эң негизгиси адам укуктары боюнча эл аралык органдардын чечимдерин аткаруунун милдеттүүлүгү жөнүндө келечексиз жобо алып салынат (41-берененин 2-бөлүгү).

1.3. Адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту, анын ичинде жарандарыбыздын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу үчүн мамлекет айрым учурларда жарандардын белгилүү бир топтору үчүн (мисалы, аскер кызматчылар жана башка мамлекеттик кызматчылар, балдар жана улгайгандар, ошондой эле белгилүү бир кылмыштарды кылган адамдар үчүн) кандайдыр бир өзгөчө укуктук абалды белгилөөгө тийиш. Мындай чаралар 20-берененин 2-бөлүгүнө жана 50-берененин 2-бөлүгүнө сунушталып жаткан түзөтүүлөргө ылайык кодулоо же укуктарды жана эркиндиктерди жол берилгис чектөө деп эсептелбеши керек.

1.4. 20-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктунун жана 24-берененин
2-бөлүгүнүн колдонуудагы редакциясы Конституциябызда кыйла кеңейтилген. Бул алдамчыларды жазык жоопкерчилигине тартууга мүмкүндүк бербей жатат. Себеби Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын 11-беренесинин ченеминде: Эч ким кандайдыр бир келишимдик милдеттенмени аткарууга мүмкүндүгү жок деген негизде эле эркиндигинен ажыратылбайт” деп жазылган.

Ошентип, Конституциябыздын колдонуудагы ченеминде “мүмкүндүгү жок” деген түшүнүк (мисалы форс-мажор сыяктуу объективдүү себептер боюнча) жасалма түрдө милдеттенмелерди жөн гана аткарбай коюу менен алмаштырылган (бул субъективдүү жагдайлар – пайда көздөө, контрагентти атайылап алдоо боюнча болушу мүмкүн). Ошондуктан 20-берененин 4-бөлүгүнүн 5-пунктунун жана 24-берененин 2-бөлүгүнүн редакциясы Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын жоболоруна толугу менен ылайык келтирилди.

1.5. 26-берене 7-бөлүк менен толукталды, ага ылайык кылмыштын эскирүү мөөнөтү геноцид жана экоцид сыяктуу кылмыштарга колдонулбайт. Бул преамбулада берилген мамлекетибиздин жогорку баалуулуктарынын тизмесинен (адам, анын өмүрү, саламаттыгы, анын укуктары жана эркиндиктери) түздөн-түз келип чыгат. Геноцид жана экоцид адамдын саламаттыгына жана укуктарына гана эмес, анын өмүрүнө да катуу коркунуч келтирет.

1.6. Үй-бүлө жөнүндө жобону жакшыртуу үчүн 36-берененин 5-бөлүгүнүн редакциясы өзгөртүлүп, үй-бүлө тууралуу салттуу түшүнүк берилди.

2. Парламенттик коалициянын, демек аткаруу бийлигинин туруктуулугун күчөтүү максатында мамлекеттик бийликтин бутактарынын өз ара аракеттенүүсүнүн принциптерин тактоо

2.1. Мамлекеттин саясий системасынын туруксуздугу Жогорку Кеңеш менен Өкмөттүн өз ара аракети жетиштүү деңгээлде болбой жатканы менен шартталган. Биринчи кезекте парламенттик коалицияны бекемдөө жөнүндө сөз жүрүп жатат. Көпчүлүк коалициясы кандай гана фракциядан турбасын, коалицияны турукташтырган ченемдердин Конституцияда жоктугунун айынан коалициянын иштөөсү юридикалык жактан алганда дайыма коркунучка кабылып келүүдө. Азыркы мыйзамдар менен көпчүлүк коалициясын турукташтыруу жөнүндө маселени чечүү аракети ийгиликтүү болгон жок.

Ушуга байланыштуу Конституциянын 70-беренесине фракциянын көпчүлүк коалициясынын курамынан чыгуусун жөнгө салган ченемди киргизүү сунушталууда. Коалициядан чыгуу үчүн фракция өзүнүн тизмедеги курамынын кеминде үчтөн эки көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алууга тийиш. Ошол эле учурда ар бир депутаттын жеке жоопкерчилигин камсыз кылуу максатында чечимге ушул депутаттар кол коюшу керек деп сунуш кылынууда.

Көпчүлүк коалициясын, демек Өкмөттү турукташтыруу максатында 75-беренеге өзгөртүүлөр сунушталып жатат. Жогорку Кеңештин Төрагасы коалициянын туруктуу болушуна кызыкдар болушу керек, себеби мыйзам долбоорунда сунушталгандай көпчүлүк коалициясынын бузулушу Төраганын ыйгарым укуктарын тастыктоо зарылдыгын жаратат.

Аткаруу бийлиги жалпы күч-аракетин бирдиктүү максатка жумшаган ыкчам жана ийкемдүү болушу керек. Бирок колдонуудагы Конституция Өкмөткө өлкөнүн проблемаларын натыйжалуу чечүүнүн бирдиктүү механизми болушуна мүмкүндүк бербей жатат. Аткаруу бийлиги тигинен так, даана түзүлбөй, бекемделбей калгандыктан, ошондой эле өз милдетинин өтөөсүнөн чыкпаган министрди, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчысын (акимди) алмаштырууга конституциялык таяныч жок болгондуктан кыйла начарлап кеткен эле.

2.2. Өкмөттүн жана Премьер-министрдин статусун бекемдөө үчүн Өкмөттүн пикирин эске албастан кабыл алынган бюджет же салыктар жөнүндө мыйзамдарга Президенттин “вето” коюу укугун пайдалануусу мүмкүн эмес деген ченемди өзгөртүү мыйзам долбоорунда сунушталууда (81-берененин 2-бөлүгүнө түзөтүүлөр). Мындай мыйзамдар негизи кабыл алынбашы керек, эгерде кабыл алынса, аларды Премьер-министрдин өтүнүчү менен Президент кайра карап чыгуу үчүн кайтарышы мүмкүн.

2.3. Конституциянын 72-беренесине өзгөртүүлөр Премьер-министрдин жана биринчи вице-премьер-министрдин статусун бекемдөөгө, ошондой эле депутаттын аткаруу бийлигинде иштеген мезгилде топтогон тажрыйбасын Жогорку Кеңеште иштегенде пайдалануусу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Өкмөттөгү ишти депутаттын иши менен айкалыштыруу парламенттик башкаруудагы өлкөлөрдүн көпчүлүк бөлүгүндө ченемдүү көрүнүш болуп эсептелет. Бул эки бийлик бутактарынын натыйжалуулугун жана координациялануусун күчөтүүгө олуттуу түрткү берет. Эгерде депутат өзүнүн мандатын жоготпостон Өкмөттөгү жооптуу кызматтагы ишин депутаттык иши менен айкалыштырууга мүмкүндүк алса, анда Өкмөттүн көз карандысыздыгы кыйла көтөрүлөт.

2.4. Премьер-министрдин жылына бир жолу эмес, жылына эки жолу Өкмөткө ишеним көрсөтүү жөнүндө маселени Жогорку Кеңешке коюуга укуктуу экендиги жөнүндө ченем (86-берененин 1-бөлүгү) Өкмөттүн өз алдынчалыгын көтөрүүгө багытталган. Мындан тышкары 87-берененин 5-бөлүгүнө жана 89-берененин 7-пунктуна түзөтүүлөр Премьер-министрге Өкмөттүн курамындагы жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардагы кадрдык маселелерди ыкчам чечүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөт мүчөсүн бошотуу жөнүндө иш-жүзүндө четке кагылбай турган маселени коюу укугун, ошондой эле башка адамдардын катышуусу жок эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындоо укугун Премьер-министрге берүү аткаруу бийлигинин ыкчам болушун күчөтөт жана жергиликтүү бийликти түзүүдө жердешчиликти жана трайбализмди токтотууга мүмкүндүк берет. Аткаруу бийлигинин бардык элементтери чечимдерди кабыл алуучу бир гана борборго – Өкмөткө жана анын башчысына баш ийиши керек.

3. Сот реформасы жана өлкөнүн укук коргоо органдарын реформалоо үчүн конституциялык негизди өркүндөтүү
Бүгүнкү күндө сот реформасын жүргүзүү колдонуудагы Конституциянын туура эмес, кээ бир учурда карама-каршылыктуу болгон айрым ченемдерине такалып калууда. Мыйзам долбооруна зарыл болгон түзөтүүлөр камтылган, алар сот реформасы боюнча мыйзамдарды кабыл алууда юридика илиминин жана практикасынын баардык жетишкендиктерин эске алууга мүмкүндүк түзөт.

3.1. Алсак, мисалы, судьяларды кызматынан бошотуунун же убактылуу четтетүүнүн тартиби өзгөрөт: эгерде судья терс негиздер боюнча (жүрүш-турушу кынтыксыз эмес болгону үчүн) кызматынан бошотулса, анда аны бошотуу Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу боюнча жүргүзүлөт (64-берененин 3-бөлүгүнүн 2 жана 4-пункттарына, 95-берененин 2-бөлүгүнө жана 102-берененин 2-бөлүгүнө түзөтүүлөр). Эгерде судья “нейтралдуу” негиздер боюнча (мисалы, судья каза болсо, чектүү куракка жетсе ж.б.), анда ал Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жүргүзүлөт.

Сот тартибинде жүргүзүлүүчү судьяны кызматынан убактылуу четтетүүгө, судьяларды жазык жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын макулдугу менен жол берилет.
Судьялар кеңешин судьялардын Тартип комиссиясы менен алмаштыруу бир катар себептердин айынан болууда. Судьялар кеңеши судьялардан гана турат, бул өздөрүнүн кесиптештеринин жоопкерчилигинин маселесине калыс мамиле кылуусуна тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Ошондуктан Судьялар кеңеши судьяларды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди караган институттардын арасынан чыгарылууда. Анын ордуна Президент, Жогорку Кеңеш жана Судьялар кеңеши паритеттик башталышта түзүүчү орган түзүлөт (95-берененин 9-бөлүгү). Бул органда корпоративдик тилектештик болбойт, ушуга байланыштуу судьянын жоопкерчилиги жөнүндө маселени калыс кароого жөндөмдүү болот.

3.2. Мыйзам долбоорунда жергиликтүү соттордун судьяларын ротациялоо жөнүндө маселе Судьяларды тандоо боюнча кеңештин компетенциясынан чыгарылган жана бул ыйгарым укук Судьялар кеңешине берилген (95-берененин 6-бөлүгү). Бул азыркы учурда колдонулуп жаткан которуунун татаал жол-жобосун кыйла жөнөкөй кылат. Азыр судья өз ишине тоскоолдук жараткан конкурстук тандоодон кайрадан өтүүгө мажбур.

3.3. Конституциянын 104-беренесине түзөтүүлөрдү киргизүү Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2016-жылдын 4-июлундагы № 3 “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” чечимин аткарууга реалдуу негизди түзөт.

3.4. “Кумтөр” алтын кенин иштетүүгө даярдоого жана иш жүзүндө өздөштүрүүгө байланыштуу кызматтык кылмыштарга, ошондой эле “Кумтөр” кенин иштеткен мамлекеттик эмес ишканалардагы жана уюмдардагы кызматтын кызыкчылыктарына каршы кылмыштарга тиешелүү жазык иштерин аяктоо тууралуу маселеге өзгөчө көңүл бурулган. Аталган кылмыштарды кылган адамдар бул кылмыштуу жосундарды жасаган убагына карабастан жазык жоопкерчилигине тартылышат, буга эскирүү мөөнөтүн колдонуу тууралуу мыйзамдуу күчүнө кирген сот актылары болгон адамдар кирбейт.

4. 2010-жылдын 27-июнундагы референдумга чыгарууда шашылыш которуунун жана жарыялоонун натыйжасында колдонуудагы Конституциянын расмий (орус) тилдеги текстинин мамлекеттик (кыргыз) тилдеги текстине шайкеш келбей калышын жоюу.

4.1. 2010-жылдын июнундагы референдумга чыгарылган, ошондой эле ушул референдумдун натыйжасы боюнча жарыяланган Конституциянын кыргыз жана орус тилдериндеги тексттеринин бир катар жерлери бири бирине шайкеш келбей калган. Бул тил жагынан алганда шайкеш келбей калуулар Конституцияны колдонууда бир катар проблемаларды жаратты. Тактыкты киргизүү үчүн “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 11-июлундагы Мыйзамы кабыл алынган. Бул мыйзам карама-каршылыктарды белгилүү бир деңгээлде жоюуга мүмкүндүк берди. Бирок аталган Мыйзамды кабыл алуу текстин мыйзамдуулугу жөнүндө маселени чечкен эмес. Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунда Конституциянын текстине жогоруда аталган Мыйзамда белгиленген эрежелерге ылайык тиешелүү оңдоолорду киргизүү сунушталат (Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгү). Сунушталган Мыйзам долбоору референдумда кабыл алынса Конституциянын текстиндеги бардык шайкеш келбеген жерлер жоюлат.

4.2. Мыйзам долбоорунда азыр иштеп жаткан Коргоо кеңешинин аталышын Коопсуздук кеңеши деп өзгөртүү сунушталат (64-берененин 9-бөлүгүнүн 1-пунктуна түзөтүүлөр), себеби аталыш кыйла тар маанини берет жана аскер мезгилине гана ыңгайлаштырылган. Ошол эле учурда бул органдын функциялары кыйла кеңири, тактап айтканда – анын функцияларына бардык аспекттеги коопсуздук маселелери кирет (аскердик, маалыматтык, экономикалык ж.б.). Кыргызстан мүчө болгон ЖККУнун баардык өлкөлөрүндө Коопсуздук кеңеши деген аталыштагы орган бар жана ошол уюмдун деңгээлинде коопсуздук кеңештеринин катчыларынын кеңеши бар экендигин көңүлгө алуу керек. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстандын Коргоо кеңеши шартка туура келбей калууда.

4.3. Мыйзам долбоорунун корутунду жоболору (2-беренеси) Мыйзам референдумда кабыл алынса анын күчүнө кирүүсүнүн тартиби, Конституциянын расмий текстин жарыялоо жөнүндө эрежелерди белгилейт, ошондой эле 2010-жылдын 27-июнундагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык шайланган же дайындалган кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарынын сакталышы жөнүндө маселени чечет.

Белгилей кетүүчү нерсе, бул Мыйзам долбоору ишкердиктин маселелерин камтыбайт, жөнгө салуу таасирине талдоо жүргүзүү талап кылынбайт.

Мыйзам долбоору укук коргоочулук, гендердик жана коррупциялык кесепеттерди пайда кылбайт.
Коомдук талкууну камсыз кылуу жана “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесин ишке ашыруу үчүн бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин расмий сайтына жайгаштырылган (www.kenesh.kg).

Коомдук талкуу 2016-жылдын 17-сентябрына чейин (1,5 ай) узартылды. Коомдук талкуунун жүрүшүндө:
– 4 тегерек стол өткөрүлдү;
– сунуштар жана сын-пикирлер менен 60 концептуалдык кайрылуу алынды.
Тегерек столдордун материалдары жана жазуу жүзүндөгү кайрылуулар КСДП, “Республика-Ата-Журт”, “Кыргызстан” жана “Өнүгүү-Прогресс” парламенттик фракциялардын лидерлери түзгөн эксперттик топ тарабынан жалпыланды. Эксперттик топ келип түшкөн сунуштарды жалпылады жана жыйынтыктарын жогоруда аталган фракцияларга берди (Келип түшкөн сунуштардын жыйындысынын таблицасы тиркелет).
Келип түшкөн сунуштарды карап чыгуунун жыйынтыктары боюнча:
10 сунуш кабыл алынды.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келет жана республикалык бюджеттен кошумча чыгымдарды талап кылбайт.

http://kabar.kg/kyr/politics/full/77284