Рус Кырг Eng

Ички иштер органынын ардагерлери Конституция боюнча референдумду өткөрүүнү колдошот

Ички иштер органынын ардагерлери Конституция боюнча референдумду өткөрүүнү колдошот

Ички иштер органынын ардагерлери Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдум өткөрүүнү колдоп жатышат. “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында “Генерал Ордо” коомдук бирикмесинин президенти, генерал-майор Ашырбек Бакаев билдиргендей, Башмыйзамдын 41-беренесинде КР сотторунун чечимин эл аралык уюмдардын токтому менен жокко чыгарып кое турган жагдайлар бар.

“Кимдир бирөө сот жообуна тартылса, анан БУУнун эл аралык уюмдарына кайрылып, менин укугум бузулуп жатат дей баштайт. Андан кийин кайсы бир комитет бул соттун чечими эл аралык нормаларга туура келбей калды деп чыгат. Биз Азимжан Аскаровдун окуясы боюнча бүт дүйнөгө шылдың болдук”,-деп белгиледи А.Бакаев. Ал Башмыйзамда мындай жаңылыштыктар кеткендигин 2010-жылы эле таап, айтып чыкканын билдирди.

“Айрым абзацтар калып кеткен. Орус-кыргыз версияларында мыйзамдар ар кандай мааниде жазылып калган. Мен бул тууралуу ошол кездеги катчы Данияр Нарымбаевге айтууга аракет кылгам. Азыр өзгөртүү киргизүүдө бардыгы кылдаттык менен текшерилип жатат. Каталар орус жана кыргыз тилдеринде көп эле кеткен. Алмазбек Атамбаев жогоруда айтып кеткендей 41-беренеге окшогон каталарды алып салуу маселесин коюп жатат. Бирок, айрым адамдар бул беренени өзүнүн кызыкчылыгын көздөп, калтырууну көздөп жатышат”,-деди ардагер.

Референдумга келсек, ал бардык келтирилген каталарды оңдоо үчүн керек. “Биз адамдарды Конституцияга өзгөртүү киргизүү мезгили келгендигине ишендиргибиз келет. Ал эми кошумча киргизүүлөргө келсек, бул экинчи маселе”,-деди А.Бакаев.

Өз кезегинде Чүй ИИБинин ардагерлер Кеңешинин төрагасы Ашыркул Асановдун айтымында, мезгилдин талабына ылайык, референдум бул зарыл.

“Чүй облусунда 860 ИИМ ардагерлери жашайт. Алардын бардыгы айыл жерлеринде турушат. Ардагерлер Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек деген пикирди айтышууда. Ошондуктан, эгерде биз референдум өткөрбөсөк, анда сот, укук коргоо системаларында реформа жүргүзө албайбыз”,-деп кошумчалады А.Асанов.

http://kabar.kg/kyr/society/full/77282