Рус Кырг Eng

Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгып жаткандар өздөрүнүн сунуштарын айтышкан жок – депутат

Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгып жаткандар өздөрүнүн сунуштарын айтышкан жок – депутат

Конституцияга президенттин ыйгарым укуктарын арттырууга байланыштуу толуктоолор киргизилип жаткан жок, ошондуктан мамлекет башчысы Башмыйзамды өзгөртүүнү өзү үчүн көтөрүп жатат деген билдирүүлөр суу кечпейт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты (“Өнүгүү-Прогресс”) Мирлан Бакиров билдирди.

Эскерте кетсек, мындан мурда Президент Алмазбек Атамбаев Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү керекпи же жокпу эл өзү чечет деп билдирген.

«Кыргызстандыктар жана депутаттар бузукуларга кошулуп, А.Атамбаев бийликти узурпациялоого аракет кылып жатат деген жалган сөздөргө ишенет деп ойлобойм. Акаев жана Бакиевдердин учурунда Конституция ошол учурдагы президенттердин жана алардын үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жүргүзүлгөн. Анда оппозиция эмне үчүн көтөрүлүп чыкканы түшүнүктүү эле. Ал эми бүгүнкү негизги каршылаштар тилекке каршы өздөрүнүн жеке амбициялары үчүн каршы болушууда. Алар өзгөртүүнүн зарылдыгына макул болушат, бирок маселени курчутуу үчүн ар түрдүү жөнү жок себептерди таап чыгып жатышат. Бул мамлекеттик мамиле эмес. Бул өз өлкөсүнүн келечегин жерүү. Ошондой эле “президенттин айланасы” аталгандар сунуш кылынган өзгөртүүлөр аркылуу бийликте калып калгысы келишет деген “аргумент” да суу кечпейт. Аны ар бир сабаттуу адам көрүп турат”,-деди М.Бакиров.

Анын айтымында, референдум өткөрүүдөн мурда, Конституцияга өзгөртүү киргизүү коомдук талкууга коюлду. “114 статьянын 32сине гана толуктоолор киргизилет. Коомчулуктан тышкары, маселе бардык фракцияларда каралды. Кээ бир учурлар менен биз макулбуз, ал эми кээ бир учурларды талкуулоо зарыл. Бирок, жалпысынан мен сунушка макулмун. Ал эми рефрендум боюнча, мен президенттин сунушун колдойм, Башмыйзамга өзгөртүү киргизүүнү эл гана чечет”,-деди эл өкүлү.

Ошондой эле, депутат кээ бир саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдар жана партиялардын лидерлери өзгөртүү киргизүүгө каршы чыгышууда, бирок алардын бирөөсү дагы өздөрүнүн сунушун айтышкан жок. “Коомдук талкуу уланууда, коррекция киргизүүгө дагы убакыт бар. Бирок, мен азырынча коомчулуктан сунуштарды көрбөй элемин”,-деди депутат.

http://kabar.kg/kyr/politics/full/77258