Рус Кырг Eng

Жогорку соттун төрайымы Астана шаарында өтүп жаткан Эл аралык симпозиумга катышууда

Жогорку соттун төрайымы Астана шаарында өтүп жаткан Эл аралык симпозиумга катышууда

Жогорку соттун төрайымы Астана шаарында өтүп жаткан Эл аралык симпозиумга катышууда

Бишкек, 16-сентябрь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымы Айнаш Токбаева «Борбордук Азиядагы жабык мекемелердеги балдарга карата зомбулукту жоюу» Эл аралык симпозиумуна катышууда. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сёз кызматы билдирди.

Симпозиумга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, эл аралык жана улуттук эксперттер, өкмөттүк эмес уюмдар жана академиктер катышууда.

Иш-чаранын программасынын алкагында, 13-14-сентябрда жашы жетпегендердин катышуусундагы иштерди караган судьяларга эл аралык тажрыйбаны үйрөнүү жана киргизүү үчүн окутуучу семинарлар болуп өттү. Семинардын ишине кыргыз тараптан Жогорку соттун судьясы Лепес Темирбеков, Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары Адис Момуналиев, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун төрайымы Аида Сейдакматова, Ош шаардык сотунун судьясы Жолборс Кудаяров, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон райондук сотунун төрагасы Сулайман Эргешов катышышты.

http://kabar.kg/kyr/society/full/77007