Рус Кырг Eng

Жогорку сот жаңы имаратка көчтү

Жогорку сот жаңы имаратка көчтү

КР президенти Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин жаңы имараты менен таанышты.

Жаңы кеңсенин ачылыш аземине катышкан өлкө башчы сөз сүйлөп, сот органы мамлекеттик бийликтин эң маанилүү бир бутагы экенин айтты Жаңы кеңсенин ачылыш аземине катышкан өлкө башчы сөз сүйлөп, сот органы мамлекеттик бийликтин эң маанилүү бир бутагы экенин айтты.

Бул имаратта мурда Борбор Азиядагы Америка университети жайгашып келген.

Ал 1936-жылы өкмөт үйү катары курулган. Ушул эле жылы 5-ноябрда Кыргыз ССР кеңешинин чукул чакырылган съезди өтүп, СССР Конституциясы талкууланганын Атамбаев баса белгиледи.  Өлкө башчы 1937-жылы дал ушул имаратта Кыргыз ССР Конституциясы кабыл алынганын кошумчалады. “1966-жылдан тарта бул жерде Кыргыз ССР

Жогорку Кеңешинин президиуму, Элдик көзөмөл комитети, Кыргыз ССР маданият министрлиги жана Чыңгыз Айтматов башында турган өлкөнүн жазуучулар кеңеши иштеген”, — деди Атамбаев.

Өлкө башчысы эң маанилүү чечимдер кабыл алынып келген бул имаратка КР Жогорку сотунун келиши да жакшы жышаан экенин айтты.

http://sputnik.kg/society/20161012/1029699806/zhogorku-sot-zhany-imaratka-kochtu.html