Рус Кырг Eng

Жогорку Кеңеш жаңы президентти шайлоо күнүн 15-октябрь деп бекитти

Жогорку Кеңеш жаңы президентти шайлоо күнүн 15-октябрь деп бекитти

Жогорку Кеңеш Кыргызстандын жаңы президентин 2017-жылдын 15-октябрында шайлоо тууралуу токтомду бекитти. Мындай чечим бүгүн, 14-июнда кабыл алынды.

Токтомго ылайык, Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде таза жана акыйкаттуу шайлоону уюштурууга милдеттүү.
Президент Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын президентин жана парламентти шайлоо тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү» жөнүндөгү мыйзам долбоорго кол койгон. Мыйзам долбоордун негизинде Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрынан 15-октябрга жылдырылды.
Депутаттар бул мыйзам долбооруна 3 жолу добуш беришти. 31-майда үчүнчү окуудагы добуш берүүгө жалпы 115 эл өкүлү каттоодон өтүп, жыйынтыгында 106 депутат «макул», 9 депутат «каршы» болду.

Буга чейин Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо күнү 19-ноябрь деп жарыяланган.

http://barakelde.turmush.kg/news:326322