Рус Кырг Eng

Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт

Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт

Конституциянын негизинде Кыргызстандын жаңы президентин шайлоо 2017-жылдын 19-ноябрында өтөт.
Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-февралда Шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Жолугушууда өлкө башчы БШКнын учурдагы ишмердүүлүгү жана өлкөдөгү шайлоо системасын өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалыматтарды укту.

Н.Шайлдабекованын айтымында, БШК мурунку шайлоолордогу тажрыйбаларды эске алуу менен шайлоо процесстерин жакшыртууну улантуу максатындагы бардык мүмкүн болгон чараларды көрөт.
Президент өлкөнүн жаңы башчысын шайлоонун маанилүүлүгүн белгиледи.
«Шайлоого чейинки 9 айдын ичинде бардык кемчиликтерди жоюп, жаңы президентти шайлоодо ачык-айкындуулукту толук камсыздоо зарыл. Таза жана эркин шайлоо гана бийликтин мыйзамдуулугун камсыздап, өлкөдөгү туруктуулукка кепилдик берет», – деп белгиледи А.Атамбаев.

http://barakelde.turmush.kg/news:319968