Рус Кырг Eng

А.Атамбаев биометриялык паспортторду даярдоо системасынын иши менен таанышты

А.Атамбаев биометриялык паспортторду даярдоо системасынын иши менен таанышты

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 29-апрелде мамлекеттик «Инфоком» ишканасынын алдындагы Калкты персонификациялоо мамлекеттик борборуна барды. Өлкө башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, президент эксплуатацияга берилген биометриялык маалыматтарды даярдоо жана электрондук персонификациялоонун автоматташтырылган комплекси менен таанышты.

А.Атамбаев биометриялык паспортторду даярдоо системасынын иши менен таанышты

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары Дастан Догоевдин айтымында, жаңы система аркылуу жарандардын паспортторун даярдоо процесси толугу менен электрондук түрдө жүргүзүлөт.
Электрондук паспортто ээсинин үй-бүлөлүк абалы, жашаган жеринин дареги, улуту, жынысы, жарандыгы, туулган жери, санариптик сүрөтү, эки колунун бармактарынын папиллярдык чийиндеринин графикалык курулушу, өз колу, электрондук-санариптик колунун ачкычы тууралуу бардык маалыматтар кызмат көрсөткөн кайсы гана мамлекеттик жана мамлекеттик эмес орган тарабынан контакттуу жана контактсыз түрдө таанылат. Анын ичинде банктар, нотариаттар, медициналык жана билим берүү мекемелери, бизнес түзүмдөр бар.

Биометриялык паспортто жаран жөнүндө 19 маалымат камтылып, электрондук форматта болгондуктан, паспорттун жарактуу мезгилинде маалыматтар өзгөрсө да, аны алмаштырбай пайдаланууга көмөкчү болот. Өзгөргөн маалыматтар автоматтык түрдө жаңылана берет. Идентификациялык карта анын ээсинин каалоосу боюнча көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Брайл шрифти менен тактилдик текстте болушу мүмкүн.

http://barakelde.turmush.kg/news:323945/?from=kg_turmush&place=newstoplast