Рус Кырг Eng

2017-ЖЫЛКЫ КР ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛООЛОРДО ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА АЛДЫН АЛА ОТЧЕТ

2017-ЖЫЛКЫ КР ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛООЛОРДО ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА АЛДЫН АЛА  ОТЧЕТ

2017-жылдагы КР Президентин шайлоолор, 2011-жылы башталган шайлоо процессиндеги реформалардан кийинки шайлоо циклин жыйынтыктоочу окуя болуп калды. Так ушул Президенттик шайлоолордун өтүшү мамлекеттик органдар тарабынан инновацияларды, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана укук колдонуучулук практикасын жакшыртуу Кыргызстандагы шайлоо тутумун өркүндөтүү боюнча тармактарга күчөтүүлөрдү киргизе алаарына баа бере алат.

«Жарандык платформа» коомдук фонду өткөрүлгөн реформаларды баалоо үчүн шайлоо процессинин натыйжалуулугун жогорулатууда мамлекеттик жана мамлекеттик эмес институттардын баарына көмөк көрсөтүү, ошондой эле мыйзам чыгаруучулук жана укук колдонуучулук базанын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында шайлоолорго көз карандысыз байкоону жүргүзүп жатат.

«Жарандык платформа» коомдук фондунун көз карандысыз байкоо жүргүзүүлөрү боюнча отчёттору, шайлоочуларды жана талапкерлерди каттоо, саясий өнөктүктүн мүнөзү, ишмердүүлүгү түздөн-түз шайлоолорду даярдоого жана өткөрүүгө багытталган мамлекеттик институттардын иши, өнөктүктүн ЖМКда чагылдырылышы, шайлоо боюнча келип чыккан талаштар тууралуу коомчулукка кабар берет.

Фонддун көз карандысыз байкоо жүргүзүүсүнүн алкагында мүмкүн болгон укук бузууларга баа берүү максатында  15 узак мөөнөттүү жана 500 кыска мөөнөттүү байкоочулар багыт алышкан. Бул укук бузуулар – жалгыз гана учурларбы же системалуу мүнөзгө ээ болушканбы, шайлоо процессинин сапатына эмне таасир тийгизди мына ушуларга баа берилет. Биздин отчётубуз шайлоо процессинин канчалык деңгээлде өлкөнүн улуттук мыйзамдарына жана таза шайлоолорду өткөрүү боюнча эл аралык стандарттарга  шайкеш келерине жана ошону менен бирге  процедуралар, добуш берүү жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары талапкерлердин жана шайлоочулардын ишенимине татыктуубу же жокпу ошолор тууралуу чагылдырып турат.

2017-ЖЫЛКЫ КР ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛООЛОРДО ДОБУШ БЕРҮҮГӨ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ БАЙКОО ЖҮРГҮЗҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ БОЮНЧА АЛДЫН АЛА ОТЧЕТ