Рус Кырг Eng

КФ «Жарандык платформа» Өзгөн шаарында жергиликтүү тургундар үчүн шайлоо мыйзамдары боюнча тренингдерди өткөрдү.

Шайлоо боюнча тренер жана эксперт катары Эльвира Икрамова чыкты.

Мындай семинар-тренингдер бүткүл өлкө боюнча «Аң-сезимиң менен танда! Сен өлкөңдүн келечеги үчүн жооптуусуң!» аталышындагы маалыматтык-окутуу өнөктөштүгүнүн алкагында өткөрүлүп жатат.

Тренингдердин негизги максаты – жарандардын шайлоо  укуктарын ишке ашыруу жана шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу.

Тренингдердин жыйынтыгы боюнча катышуучулар, Кыргыз Республикасынын   шайлоо процессиндеги  жаңычылдыктар менен таанышып, добуш берүү процедурасы жана шайлоочулардын тизмесинен өзүн тактоо  боюнча керектүү маалыматтарга  ээ болушту, ошону менен бирге таратылуучу материалдарды алышты.

Жигердүү жарандар, саясий партиялардын өкүлдөрү, ЖӨБ органдары жана биринчи жолу добуш берип жаткан жарандар үчүн  маалыматтык өнөктөштүктүн алкагында 7 область боюнча баары биригип 20 тренинг уюштурулат ошону менен бирге бир катар маалыматтык-агартуучулук иш-чаралар жана шайлоочулар менен бирге маалымат жыйындары өткөрүлмөкчү.

Ушул демилге, Щвейцария элчилигинин колдоосу астында «2017-жылдагы Президенттик шайлоолорду өткөрүүдө мамлекетке көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жатат.