Рус Кырг Eng

КР ЖК депутаттарынын шайлоо алдындагы штаб иштерине катышуу маселелери боюнча “Жарандык платформа” Коомдук фондунун Кайрылуусу

КР ЖК депутаттарынын шайлоо алдындагы штаб иштерине катышуу маселелери боюнча “Жарандык платформа” Коомдук фондунун Кайрылуусу

 «Жарандык  платформа» КФду Кыргыз  Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын шайлоо алдындагы штабдарга катышуусу боюнча жана КР Жогорку Кеңешинин жыйналышына катышпагандыгына карата өзүнүн бүдөмүк оюн  билдирет.

Биз   Жогорку Кеңештин депутаттарын түздөн-түз мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен алектенүүгө жана КР Президенттигине талапкер айрым депутаттарды колдоодо үгүт үчүн мамлекеттик ресурстарды колдонбоого чакырабыз.

КР мыйзамдарына ылайык, анын ичинде «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  депутатынын статусу жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 9-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты төмөнкүлөргө милдеттүү:

1)Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган ыйгарым укуктарды ак ниеттүү аткарууга;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарына катышууга Жогорку Кеңештин Регламенти аныктаган учурда жана тартипте добуш берүү укугун өткөрүп берген учурларды жана жүйөлүү себептерди кошпогондо  өзү мүчө болуп эсептелген фракция, комитет жана убактылуу комиссия тарабынан каралып жаткан  маселелер боюнча добуш берүүгө катышууга  милдеттүү;

Бирок, КР Жогорку Кеңешинин акыркы жыйналышы боюнча төмөнкү тыянакты чыгарса болот: КР ЖКнын жыйналышы толук эмес курамда өткөрүлүп жатат жана депутаттар КР эли тарабынан өздөрүнө жүктөлгөн функционалдык милдеттерин  ак ниетсиздик менен аткарышууда.

КР ЖКдеги азыркы учурда жаралып жаткан кырдаал, депутаттардын КР ЖКнын жыйналышында катышпоосу  Жогорку Кеңештин баардык ишине терс таасирин берээри жана элдин шайлоо процессине болгон ишенимин солгундатаары  жөнүндө айтып турат.

«Жарандык платформа» КФду