Рус Кырг Eng

Бишкекте Чүй областынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн тренингдер өткөрүлүп жатат.

Семинар-тренингдин уюштуруучулары КФ «Жарандык  платформа» жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы (КР БШК).

Ички иштер органдарынын жетекчи курамдарына жана Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары үчүн  тренингдер бүткүл республика боюнча «Шайлоо тутумун жакшыртууда Кыргыз Республикасына көмөк көрсөтүү» аталышындагы  ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсесинин долбоорунун алкагында өткөрүлүп жатат.

Семинар-тренингдердин  негизги максаты – ИИО, прокуратура органдары менен шайлоо комиссияларынын өз ара аракеттешүү механизмдерин иштеп чыгуу, ошону менен бирге шайлоо процессиндеги шайлоочулардын добуштарын сатып алууга жана административдик ресурс таасирлерине бөгөт коюу болуп саналат.

Мындай өз ара аракеттешүү жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашыруу жана шайлоонун жүрүшүндө мыйзамдуулукту камсыз кылуу үчүн зарыл, ошондой эле өз убагында зарыл чараларды көрүүгө жардам берет.

Тренингдин жүрүшүндө шайлоо процессиндеги жана үгүт иштерин жүргүзүү процессиндеги негизги укук бузуулар тууралуу сөз болду.

«Жарандык  платформа» КФнун эксперти Бегалы Пирмановдун сөзү боюнча,  учурдагы шайлоо модели ушундай, жада калса добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этүүгө мүмкүн эмес. Биздин шайлоо моделибиз кандай гана таасирлер болбосун аларды сыртка чыгарып салат.

«Азыркы учурда, шайлоо процессиндеги укуктук мамилелердин баардык комплекстерин жакшыртуу жана шайлоо процессине болгон мамилени өзгөртүү боюнча иш жүргүзүлүп жатат» – деп белгилейт эксперт.

Семинарлардын жыйынтыктары боюнча, шайлоочулардын добуштарын сатып алууга, административдик ресурсту колдонууга бөгөт коюуга, ошону менен бирге шайлоо мезгилиндеги коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча усулдук сунуштамалар жана сунуштар иштелип чыгат.

Эсиңиздерге салабыз, мындай тренинг-семинарлар ушул жылдын 17-июлунан тартып 6-августуна чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош, Баткен, Чолпон-Ата шаарларында өткөрүлөт жана аларга Кыргыз Республикасынын прокуратура жана ички иштер органдарынын 304 кызматкерлери катышышат.