Рус Кырг Eng

Талапкерлердин өкүлдөрүнүн арыздары боюнча БШК чечими

Талапкерлердин өкүлдөрүнүн арыздары боюнча БШК чечими

Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин өкүлү А.Орозакунованын даттануусу жана Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Р.Р.Карасартованын өкүлдөрү – А.Рыскулова, Ж.Орозобекованын арызы жөнүндө КР БШК маалыматтык бөлүмү билдирүү жасады.

2017-жылдын 12-августунда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы президенттикке талапкердин өкүлү – А.Орозакунованын КР Президенти кызматына шайлоо боюнча президенттикке талапкер С.Ш.Жээнбеков тарабынан ЖМКлардын жеткиликтүүлүгүнүн артыкчылыгы жана административдик ресурстарды колдонуусу тууралуу даттануусун, Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Р.Р.Карасартованын өкүлдөрү – А.Рыскулованын, Ж.Орозобекованын шайлоо укуктарынын бузулушу тууралуу арыздарын карады. Президенттикке талапкер Р.Р.Карасартованын өкүлдөрү А.Рыскулова, Ж.Орозобекова өз арыздарында КР БШКдан талапкерлер үчүн тең укуктуу шарттардын сакталышын камсыздоону жана КР Президенттигине талапкер С.Ш.Жээнбековго Конституциялык мыйзамдын талаптарын сактабагандыгы үчүн каттоодон баш тартууну суранган. Сунушу жана Токтомунун долбоорун КР БШКнын мүчөсү А.Т. Асаналиев билдирди: “КР Президенттигине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча жумушчу топ жана шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топ болгон материалдарды, келип түшкөн арыздарды жана сунуштарды карап чыгып, КР мыйзамдарынын негизинде төмөнкүлөрдү белгилейт: Жалпыга маалымдоо каражаттарын кол топтоо жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине колдонуу далилдери келтирилген эмес. 2011-жылдын 2-июлундагы №68 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын Конституциялык мыйзамынын (мындан ары – конституциялык мыйзам) 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты жана Президенттен тышкары мамлекеттик саясий, административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ээлеген же ЖМКларда иштеген катталган талапкерлер катталган учурдан тартып, шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин кызматтык милдеттерин аткарууну токтотушат.

Конституциялык мыйзамдын 53-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкерлерди каттоо чечими Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан Конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн шарттар аткарылган учурда кабыл алынат.

Ошентип, Борбордук шайлоо комиссиясы тиешелүү чечимди кабыл алган учурдан тартып талапкер Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саналат.

Учурда Борбордук шайлоо комиссиясынын С.Ш.Жээнбековду талапкер катары каттоо чечими жок.

Жогорудагылардын негизинде Жумушчу топтун чечимин эске алып, “Шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо жана референдумдардын жүрүшүндө шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучулардын) арыздарын кароо тартиби жөнүндө” Жобонун 1.7-пунктуна таянып, КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 43-беренеси боюнча Президенттигине талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү эрежелерин сактоону көзөмөлдөө боюнча Жумушчу топ жана шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин арыздарын жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу топ, КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Т.А.Сариевдин өкүлү – А.Орозакунованын жана Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер Р.Р.Карасартованын өкүлдөрү А.Рыскулова, Ж.Орозобекованын КР “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамына ылайык чараларды көрүү жөнүндө арыздарын канааттандыруудан баш тартуу чечимин кабыл алды.

http://kabar.kg/kyr/news/talapkerlerdin-k-l-r-n-n-aryzdary-boiuncha-bshk-chechimi/