Рус Кырг Eng

Шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 15-августта илинет – МКК

Шайлоочулардын болжолдуу тизмеси 15-августта илинет – МКК

Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы БШКга шайлоочулардын болжолдуу тизмесин берди.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, болжолдуу тизмеге 18ге толгон жана биометрикалык каттоодон өткөн Кыргызстандын жарандары кирди. Тизме боюнча шайлоочулардын саны 2 млн 914 миң 588 адамды түзгөн.

Белгилүү болгондой, 15-августтан тартып шайлоочулардын болжолдуу тизмеси шайлоо участкаларында илинет. Буга байланыштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен тактоого чакырат. Ал үчүн шайлоочулар МККнынwww.shailoo.srs.kg сайтынан же 119 номери аркылуу Call-борборго байланышса болот. Телефон чалуу акысыз.

http://kabar.kg/kyr/news/shailoochulardyn-bolzholduu-tizmesi-15-avgustta-ilinet-mkk/