Рус Кырг Eng

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси талкууланат

Шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселеси талкууланат

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү маселесин талкуулаган жыйын өтөт. Аны Борбордук шайлоо комиссиясы, шайлоо мыйзамдарын жакшыртуу максатында түзүлгөн иш тобу жана “Жарандык платформа” коомдук фонду Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) колдоосу менен уюштурууда.

Жыйында шайлоо процессинин катышуучуларынын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салуу механизмдерин жакшыртуу, мыйзам бузуунун алдын алуу жана андай көрүнүштөргө бөгөт коюу тууралуу сөз болот. Ошондой эле саясий партияларды өнүктүрүү, жергиликтүү шайлоолор боюнча мыйзамдарды өркүндөтүү маселелери да талкууланат.

Өткөн айда президент Сооронбай Жээнбеков Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алып, шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүү, партиялык системаны бекемдөө зарыл экенин айткан.

Борбордук шайлоо комиссиясы үгүт маалында добуш сатып алууга жана жалган маалымат таратууга каршы натыйжалуу аракеттенүү максатында административдик жана кылмыш жоопкерчилиги боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөр сунушталып жатканын билдирген.

https://www.azattyk.org/a/29220493.html