Рус Кырг Eng

Кара-Кулжанын Кызыл-Жар айыл өкмөтүн шайлоодо талаш жаралды

Кара-Кулжанын Кызыл-Жар айыл өкмөтүн шайлоодо талаш жаралды

Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоодо талаш жаралды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына жергиликтүү депутаттар кабарлады.
Маалыматка караганда, аталган кызматка Б.Айсаев менен Д.Исраилов талапкерлигин койгон. Жыйынтыгында Б.Айсаев 13 добуш, Д.Исраилов 8 добуш алган.
«Биз шайлоонунун жыйынтыгын тааныбайбыз. Анткени добуштарды ачык эсептешкен жок. 11 депутат Жогорку Кеңешке, аймактык шайлоо комиссиясына арыз менен кайрылабыз», – деди айылдык депутат С.Матикеев.
Ал эми Кара-Кулжа райондук администрациясынан бул талашка шайлоо комиссиясынын тиешелүү өкүлдөрү жооп бере турганын кабарлашты.

http://www.turmush.kg/news:318781