Рус Кырг Eng

БШК: Жогорку сот Ө.Текебаевдин мамтил тестинен өтүү маселесин чечүү боюнча акыркы чечимди кабыл алууда БШКнын аракетсиздигин тааныды

БШК: Жогорку сот Ө.Текебаевдин мамтил тестинен өтүү маселесин чечүү боюнча акыркы чечимди кабыл алууда БШКнын аракетсиздигин тааныды

Кыргызстандын Жогорку соту Бишкек райондор аралык сотунун президенттикке талапкер Өмүрбек Текебаевдин доо арызы боюнча чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу 9-августта БШКдан билдиришкен.

Сөз Ө.Текебаевдин өкүлү А.Жолдошбекованын “Ө.Текебаевдин мамлекеттик тилди билүү тестинен өтүүсүнө шарттарды түзбөө аракеттерин мыйзамсыз катары таануу жана Ө.Текебаевди тестке катыштыруу менен кетирилген бузууларды четтетүү жөнүндө” доо арызы тууралуу болууда.

3-августта маселе Бишкек райондор аралык сотунда каралган. Доо арызда көрсөтүлгөн талаптарды канааттандыруудан сот баш тарткан. Бирок, сот БШКнын А.Жолдошбекованын арызын кароо боюнча БШКнын аракетсиздигин тааныды.

Белгилүу болгондой, бүгүн, Жогорку соттун коллегиясы Бишкектин райондор аралык сотунун чечимин күчүндө калтырды.

“Жогорку сот Рафондор аралык соттун чечимин күчүндө калтырды. Тактап айтканда, Ө.Текебаевдин өкүлүнө БШКны талапкерге мамтил тестинен өтүүгө шарт түзүүгө милдеттендирүүдөн баш тартылды. Жогорку сот акыркы чечимди кабыл алууда БШКнын аракетсиздигин тааныды. Бирок, азырында биз соттун чечимин ала элекпиз”, – деп билдиришти БШК.

http://kabar.kg/kyr/news/bshk-zhogorku-sot-tekebaevdin-mamtil-testinen-t-maselesin-chech-boiuncha-akyrky-chechimdi-kabyl-aluuda-bshknyn-araketsizdigin/