Рус Кырг Eng

БШК референдумду өткөрүүгө даяр экенин билдирди

БШК референдумду өткөрүүгө даяр экенин билдирди

Борбордук шайлоо комиссиясы референдум өткөрүүгө даяр.

Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова 29-сентябрда парламентте билдирди.

Анын айтуусунда, боршайкомго референдум өткөрүүгө талап кылынган бардык каражат-жабдыктар берилген.

Ушундай эле маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев да депутаттарга билдирди. Ал шайлоочулар идентификациялык номери аркылуу добуш берерин, референдум өткөрүүгө талап кылынган бардык шарттар түзүлгөнүн кошумчалады.

Каржы министринин орун басары Алмаз Азимов рефрендум өткөрүүгө 317 млн сом зарыл экенин билдирип, буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду өткөрүү үчүн 235 млн сом каралганын маалымдады. Эгер референдум жергиликтүү кеңештердин шайлоосу менен чогуу өткөрүлсө, ага болгону 134 млн сом гана керек болоорун айтты.

Жогорку Кеңеш бүгүн “Референдумду дайындоо жөнүндөгү” мыйзам долбоорун талкуулап жатат. Ал буга чейин тармактык комитеттин кароосунан өтүп, экинчи окууда кабыл алынган. Долбоордо референдумду өткөрүү 4-декабрда белгиленген.

https://kabarlar.org/kg/news/press/86460-bshk-referendumdu-tkrg-dayar-ekenin-bildirdi.html