Рус Кырг Eng

БШК добуш жыйынтыгын күттүрдү

БШК добуш жыйынтыгын күттүрдү

БШК добуш жыйынтыгын күттүрдү

11-декабрда өткөн референдумдун жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун расмий жыйынтыктары чыга элек.
Бирок БШК расмий жыйынтыкты жарыялоо үчүн шашылыш жоктугун белгилеп, мыйзамда каралган убакыт өтө электигин жүйө келтирди.

Бул арада БШК төрайымы менен анын мүчөлөрүнүн ортосунда добуш берүүнү кол менен эсептөөнүн жыйынтыктарын сайтка жарыялап, ачык-айкындыкты камсыздоого байланыштуу чыр чыкты.

Айырмачылыктардын “арааны”

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча жалпы элдик добуш берүү жана жергиликтүү шайлоо өтүп, анын алдын ала электрондук эсеби жарыяланганы менен, он күндөн бери расмий жыйынтыктар чыга элек.

Мыйзам боюнча автоматтык эсептөөчү үкөктөрдөн алынган электрондук эсеп алдын ала маалымат катары каралып, добуштарды кол менен саноонун протоколдору расмий жыйынтык деп таанылат. Анын үстүнө жергиликтүү шайлоо менен референдумдун расмий жыйынтыгы 30 календардык күндүн ичинде жарыяланууга тийиш. Бирок анын кечеңдеп кеткен жагдайы түрдүү-түмөн шектенүүгө негиз берген учурлар аз эмес.

БШК мүчөсү Назарали Арипов добуштарды эсептөөдө ажырым бардыгын айтып, анын бардыгы такталган соң гана расмий жыйынтыктар жарыяланарын билдирди:

– Автоматтык эсеп жана кол менен саноонун жыйынтыгы дал келбей калган болсо, анда бул тууралуу бизге кайрылуу керек. Мына ошондой жерлер болуп жатат. Ошондой дал келбөөчүлүктөр болгон жерде мыйзам чегинде добуштарды кайрадан саноо болушу керек. Ошонун бардыгы такталып бүтүп, кол менен саноонун протоколдору бизге келген соң гана ошого жараша БШК расмий жыйынтыкты жарыялайт. Мыйзам боюнча бизге расмий жыйынтыктарды жарыялоого убакыт бар.
Ошол эле учурда өткөн жыйында БШК мүчөлөрүнүн ортосунда иштин ачык-айкындуулугун камсыздоого байланыштуу кайым айтышуу болду. БШК төрайымынын орун басары Атыр Абдрахматова төрайым Нуржан Шайлдабековадан добуш берүүнүн кол менен саналган жыйынтыгын мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте сайтка жарыялоону талап кылган.

Атыр Абдрахматова БШК коомчулуктун маалымат алуу укугу чектелгенин айтып, шектенүүгө негиз болуп жатканын ырастады:

– Эгерде ошонун бардыгы сайтка илингенде аны менен бардыгыбыз таанышып, салыштыра алмакпыз. Мисалы, кайсы бир шайлоо участкасында автоматтык үкөк 100 добуш деп көрсөтсө, кол менен санаганда элүү добуш болуп калышы мүмкүн. Ошону текшерип, анын себебин аныктоо керек. Биз кол менен саноонун жыйынтыктарын көрсөткүлө деп “кырылышып” жатабыз. БШК төрайымы менин айткан сөзүмдү калпка чыгарды. Мен ага “эгерде мен алдап жатсам, анда интернет сайтты ачып, көргөзүп бериңизчи” дедим. Бирок ал ачып көрсөтө алган жок. Анткени ошол маалыматтар сайтта жок да. Мыйзам кол менен саноонун жыйынтыгын дагы сайтка жарыялоону талап кылат. Анткени биз аны баарыбыз көрүп турушубуз зарыл.

Атыр Абдрахматованын айтуусунда, БШК мүчөлөрүнө добуштардын жыйынтыктарын салыштыруу үчүн ички сайт менен таанышууга дагы мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бирок БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча маалыматтар ачык экенин айтып, дооматты четке каккан.

БШКнын маалымат катчысы Айболот Айдосов дагы бул боюнча даттанууга негиз жоктугун кошумчалады:

– Бул айтылган сөз чындыкка дал келбейт. Анткени биздин сайтта атайын баракча бар. Ошол жерде референдумдун жана жергиликтүү кеңештердин шайлоодогу добуш берүүнүн автоматтык үкөктөрдөн алынган жыйынтыктары турат. Ошондой эле учурда жер-жерлерден келип түшүп жаткан протоколдор боюнча добуштарды кол менен саноонун жыйынтыгы дагы жарыяланган. Бул жерде жашыра турган маалымат жок. Бардыгы ачык-айкын эле болуп, көрүнүп турат.

Сайттан табылбаган сан-эсеп

Бирок добуш берүүнүн жыйынтыктарын көргөзө турган маалыматтык шайлоо тутумунун http://ess.shailoo.gov.kg сайтында автоматтык эсептөөчү үкөктөрдөн алынган маалыматтар гана жүктөлгөн. Референдумда добуш берүүнүн кол менен саналган жыйынтыгы боюнча маалыматтар торчосун андан издеп таба алган жокпуз.

БШКнын башка бир мүчөсү Гүлнара Журабаева ал маалыматтар башка ички тутумда жайгашканын жана ачык расмий жарыялана электигин ырастады:

– Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгын биз көрө албай жатабыз. Ошондуктан БШК мүчөлөрү ушул тууралуу маселе көтөргөнбүз. Бизге кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча кагаз түрүндө маалыматтарды алып, тигиниси менен салыштырып алсаңар болот деген жооп болду. Мыйзам иштелип чыккан маалыматтар торчосун жарыялоону талап кылат. Негизи бул маалымат ички электрондук тутумда бар экен. Бирок БШК мүчөлөрү аны көрө албайт экенбиз.

Референдумдун алдын ала жыйынтыгы боюнча жарандардын 79 пайыздан ашууну Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогону жарыяланган. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосунда КСДП, “Республика – Ата Журт”, ”Өнүгүү-Прогресс”, “Кыргызстан” жана “Мекеним Кыргызстан” партиялары көпчүлүк мандаттарга ээ болушканы көрсөтүлгөн болчу.

http://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_politics_election/28188976.html