Рус Кырг Eng

Азиз Суракматов жаңы кызматында биринчи кезекте эмне менен алектенерин айтып берди

Азиз Суракматов жаңы кызматында биринчи кезекте эмне менен алектенерин айтып берди

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан борбордун мэри болуп шайланган Азиз Суракматов журналисттерге өзүнүн ишмердүүлүгүн эмнеден баштай турганын айтып берди.

Ал шайлоодон кийин алгач мэриянын түзүмү боюнча жумуш карала турганын билдирди.

“Көбүнчө каржы блогу. Андан сырткары сентябрда жолдордо тыгын жаратпоо үчүн жолдордун курулушу менен байланыштуу маселелер каралат”, – деди ал.

Ошондой эле шаарды көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо маселеси менен алектенерин билдирди.

“Жалпысынан мэрияда болгон маселелер системалуу түрдө ишке ашырылат”, – деп кошумчалады ал.

http://kabar.kg/kyr/news/aziz-surakmatov-zha-y-kyzmatynda-birinchi-kezekte-emne-menen-alektenerin-aityp-berdi/