Рус Кырг Eng

Парламенттин жаңы депутаты А.Касымалиева ант берди

Парламенттин жаңы депутаты А.Касымалиева ант берди

Бүгүн, 29-мартта Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Аида Касымалиева парламенттин отурумунда ант берди.

Ага күбөлүк менен депутаттык төш белгини 23-мартта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова тапшырган. А.Касымалиева КСДП партиясында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинде №52 катарда жазылган. Буга чейин тизменин №50 жана №51 катарындагы Икрамжан Илмиянов менен Абдыманап Кутушев депутат болуудан баш тартышкан.

А.Касымалиева парламентте өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү болуп дайындалган Узарбек Жылкыбаевдин ордун ээледи.

http://www.turmush.kg/news:322186